Миңдеген тонна балыктардын өлүгү Японияда деңиз жээгине чыгып калды

Сардина жана  скумбрия балыктарынын өлүгү  Япониянын Хакодатэ жана Хоккайдо балыкчылар портунан анча алыс эмес аралыктагы деңизде калкыган бойдон жээкке сүрүлүп келе баштады.  Өлкөнүн бийлиги балыктардын мындай массалык түрдө өлүмгө учурашынын себебин азырынча айтыша электигин Guardian басылмасы билдирди.

Хакодатэ портунун тушундагы өлүү балыктардын өтө көптүгүнөн бир нече километрлик тилке пайда болгон.  Хоккайдонун түштүгүндөгү Тынч окендын эжээги тарапта жайгашкан Накири шаарынын бийлиги шаардын эс алуучу жайына (пляж) 30дан 40 тоннага чейинки сардина балыгы сүрүлүп келгендигин билдирди. Накиринин жашоочуларынын айтуусунда, алар мурда эч качан мындай көп сандагы балыктардын өлүгүн көрүшкөн эмес.

https://youtube.com/watch?v=Y13sm_svv5s%3Fsi%3DvNhHNk3WqMOeN7iP

“Мен мурда эч качан мындай шумдукту көргөн эмесмин, —  деди бул райондо 25 жыл иштеген балыкчы.  – Бул мени деңиздин экосистемасы өзгөрүп жатабы деп ойлонууга мажбурлоодо”.

Эксперттер эколгиялык кырсыктын себеби эмне болушу мүмкүн экендиги тууралуу ар түрдүү божомолдорду айтышууда.  Айрымдар баардыгына суунун температурасынын кескин өзгөрүүсүн бир себеп катары эсептеп жатышат. Башкалар балыктар өздөрү башка жакка миграция болуу учурунда каттуу чарчагандыктан өлүп калышкан дешүүдө.  Айрым ММКлар бул окуяны “Фукусима” АЭСинен агын суунун деңизге куюлушу менен байланыштырууда.

Анткен менен балыктардын массалык түрдө өлүмгө учурашынын так себеби азырынча так аныктала элек. Эксперттер деңиз жаныбарларынын кыргынга учурашынын себебин аныктоо үчүн Хакодатэ жана Накиринин жээгиндеги сууну текшерип көрүүнү пландаштырышууда.

Комментарий жиберүү