Талибан куруп жаткан Куштепа каналында авария болуп, андан чыккан суу чоң аймакка жайылууда

Ооганстанда талиптер куруп жаткан Амударыядан суу алган Куштепа каналында олуттуу авария болуп, анын кесепеттери али жоюла электигин “Чек арасыз дарыялар” экокоалициясынын эксперттери билдирди.

Коалициясынын адистери Ооганстандын түндүгүндөгү Куштепа ​​каналынын курулуш аянтынын акыркы спутниктен тартылган сүрөттөрүн изилдеп чыгышкан. Амударыядан суу алган каналдын биринчи тилкесин (болжол менен 100 чакырым) Талибан быйыл октябрда ачкан.

Европалык Sentinel-2 спутниги тарткан сүрөттөр канал Амударыянын суусу менен толтурула баштаган алгачкы айда эле гидротехникалык курулуштун жээги суунун басымына туруштук бере албай, каналдан агып чыккан ири көлөмдөгү суу чоң аймакка жайылганын көрсөтүп турат.

“Чек арасыз дарыялар” коалициясынын Борбор Азия боюнча координатору Александр Колотовдун айтымында, каналдан агып чыккан суунун күчү жана көлөмү тогуз чакырымга созулган көлдү пайда кылуу үчүн жетиштүү болгон. Андан тышкары, спутниктен жаңы алынган сүрөттөр көлдүн аянты чоңоюп жатканын көрсөтүүдө, бул талиптердин абалды оңдоого мүмкүнчүлүгү же каалоосу жок дегенди билдирет.

Экологдор аврияларды жана агындыларды эске албаганда да Амударыядагы суунун 15-20% Куштепа каналына буруларын баса белгилешүүдө. Мындан тышкары, Амударыяга куйган Вахш дарыясында курулуп жаткан Рогун ГЭСинин ишке берилиши да аймактагы абалды кыйла оорлотушу мүмкүн.

Экологдор ошондой эле Ооганстандын убактылуу өкмөтү Куштепа ​​каналынын курулушунан тышкары өлкөнүн түндүк-батышындагы Түркмөнстан менен чек арага жакын жердеги Фаряб провинциясында “Дахандара” жана “Алмар” ГЭСтерин курууну буга чейин жарыялаганын эске салышты.

Куштепа ​​каналынын курулушу качан башталган?

Каналдын курулушу 2022-жылдын март айында башталган. Узундугу 108 чакырым болгон каналдын биринчи бөлүгү 2023-жылдын 19-майында бүткөрүлүп, сууга толтурулган. Курулуштун биринчи тилкеси аяктап, экинчисин баштаганы үстүбүздөгү жылдын октябрь айында белгилүү болгон. Экинчи тилкесинин узундугу 65 чакырымды түзөт.

Жаңы каналдын узундугу 285 чакырым, туурасы 100 метр, тереңдиги 8,5 метр болот. Канал Өзбекстанды, Түркмөнстанды жана Тажикстандын көп бөлүгүн суу менен камсыздаган Амударыядан башталат. Каналга суу ошол эле дарыядан алынат. Каналдын өткөрүү жөндөмдүүлүгү секундасына 650 кубометрди түзөт. Долбоорду Улуттук өнүктүрүү компаниясы ишке ашырууда, ал эми курулуш мамлекеттик каражаттын эсебинен жүргүзүлүүдө. Долбоордун баасы болжол менен 684 миллион долларды түзөт.

Буга чейин экспертер канал курулуп бүтсө, Өзбекстан менен Түркмөнстанда суу таңкыстыгы жаралышы мүмкүн экенин айтышкан. Өлкөлөр аймактагы негизги дарыядан сугат суусунун 15%нан кол жуушу мүмкүн. Өткөн жылдын июнь айынан бери Амударыя бассейнинин толуусу 65–85%га чейин төмөндөп, ушул убакка чейин нормадан төмөн бойдон калууда.

Комментарий жиберүү