Путиндин президенттик шайлоодо атаандаштары кимдер болот?

Россиядагы саясый  партиялар жакында президенттикке кимдерди көрсөтөрүн аныкташат.

Мамлекеттик думадагы РФКПнын (КПРФ) депутаты Николай Харитонов жана «Жаңы адамдар» партиясынын лидери Алексей Нечаев алдыдагы Россиянын президенттик шайлоодогу талапкерлери болушу мүмкүн. Алардын ысымын «Ведомости» басылмасынын булактары билдиришти.
«Жакынкы мезгилде думалык партиялар президенттикке талапкерликке кимдер болорун билдиришет», – деп айтылат маалыматта.

РФКПнын 23-декабрга белгиленген съезди бул партиядан талапкерди аныктаган чечим чыгарышы мүмкүн. Партиянын ичинде 2004-жылы мамлекет башчылыкка ат салышууда тажрыйбага ээ болуп, 13,69% шайлоочулардын добушун алуу менен экинси орунду ээлеген Харитоновду колдогон демилгелер көтөрүлүүдө.

Бирок Харитонов өзү «Ведомостиге» берген маегинде бул маалыматты тастыктаган да, жокко чыгарган да эмес. Андыктан анын талапкерлиги көңүл борборунда кала берүүдө.

Ал эми «Жаңы адамдар» партиясында өздөрүнүн талапкерин 24-декабрга белгиленген съездинде жарыялоону пландаштырышууда. Бул партиядан талапкер болуучулардын арасында төмөндөгүлөр бар: Мамдуманын вице-спикери Владислав Даванков, Якутиянын экс-мэри Сардана Авксентьева жана фракциянын лидери Алексей Нечаевдер бар.

РЛДП (ЛДПР) болсо өздөрүнүн төрагасы Лонид Слуцкийди шайлоого алып чыгууну көздөшүүдө. Бул партиянын съездин 19-декабрда өткөрүү пландаштырылган. Ошол эле учурда «Адилет Россия – Чындык үчүн» партиясы 23-декабрда өтө турган съездинде шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү менен бараткан Владимир Путинди колдой тургандыктарын жарыялоону пландаштырууда. Мындан тышкары Оңчул күчтөр союзунун экс-депутаты Борис Надеждиндин парламенттик эмес «Жарандык демилгелер» партиясынан көрсөтүлүшү талкууланууда.

Мындан мурда «Федерал Пресс» маалымат булагы 2024-жылы Россияда президенттик шайлоодо добуш берүү жол-жобосу кандай уюштурула тургандыгын жазган.

Белгилей кетүүчү жагдай, Федерация кеңеши Россиядагы президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартында өткөрүүнү белгилеген.

Комментарий жиберүү