Иран 33 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн виза режимин жокко чыгарды

Иран өкмөтү туризмди өнүктүрүү жана өлкөгө туристтик агымдарды көбөйтүү максатында 33 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн бир тараптуу виза режимин жокко чыгаруу чечимин  кабыл алды.

Бул тууралуу 13-декабрда Маданий мурастар, кол өнөрчүлүк жана туризм министри Эззатулла Заргами өкмөттүн жыйынынан кийин журналисттерге билдирди.

Заргаминин айтымында, Туризм министрлиги сунуштаган 68 өлкөнүн тизмеси өкмөттө каралып, акырында 33 өлкө менен бир тараптуу визаны жокко чыгаруу макулдашылган.

Эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары Иранга визасыз кире алышат. Бирок азырынча визаны жокко чыгаруунун жол-жобосу жана мөөнөтү жөнүндө толук маалымат айтыла элек.

Белгилей кетсек, Иран менен Казакстандын ортосунда эки тараптуу визасыз режим былтыр киргизилген.

Алсак, Казакстан Ирандын жарандары үчүн визасыз режимди 2022-жылдын 7-июлунан тартып киргизсе, Ислам Республикасынын өкмөтү Казакстандын жарандары үчүн 2022-жылдын 11-ноябрынан тарта киргизген. Муну менен эки өлкөнүн жарандарына 14 күн өлкөлөр аймагында визасыз жүрүүгө уруксат берилген.

Ал эми Тажикстан менен Ирандын өкмөттөрү эки мамлекеттин жарандары үчүн визалык режимди жоюу боюнча меморандумга быйыл 8-ноябрда Иран президенти Ибрахим Раисинин Душанбеге жасаган сапарынын алкагында кол коюган.

Иранга визасыз бара ала турган 33 өлкөнүн тизмеси:

  • Кыргызстан;
  • Россия (топ катары);
  • Бириккен Араб Эмираттары;
  • Бахрейн Королдугу;
  • Сауд Аравия;
  • Катар;
  • Кувейт;
  • Ливан;
  • Өзбекстан;
  • Индия;
  • Тажикстан;
  • Тунис;
  • Мавритания;
  • Танзания;
  • Зимбабве;
  • Маврикий Республикасы;
  • Сейшель Республикасы;
  • Индонезия;
  • Бруней;
  • Япония;
  • Сингапур;
  • Камбоджа;
  • Малайзия;
  • Вьетнам;
  • Бразилия;
  • Перу;
  • Куба;
  • Мексика;
  • Венесуэла;
  • Босния жана Герцеговина;
  • Сербия;
  • Хорватия;
  • Беларусь.

Ирандын туризм министринин орун басары Али Асгар Шалбафян өкмөттүн бул чечими ар кандай маданий, экономикалык, социалдык жана туризм тармактарында жагымдуу натыйжаларды алып келет деп күтүлүп жаткнын билдирди.

Анын айтымында, бир тараптуу виза режимин жокко чыгаруу менен ошондой эле Ирандын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүгө олуттуу чечкиндүүлүгүн, маданий күчүн жана дүйнөнүн ар тарабынан туристтерди кабыл алуудагы жигердүү дипломатиясын, Ирандын прогрессин жана бүгүнкү реалдуулугун көрсөтүүгө болот.

Комментарий жиберүү