Экинчи Элдик курултай тууралуу

Бүгүн, 15-декабрь күнү, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Экинчи Элдик курултай башталды. Ага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, өлкө аймактарынан жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан шайланган 700 делегаттын 695и катышууда.

Алгач Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов сөз сүйлөп, аймактардан шайланып келген делегаттардын ишине ийгилик каалады.

“Бүгүнкү курултай Кыргызстандын соңку тарыхында 2023-жылы июль айында кабыл алынган Элдик курултай тууралуу Конституциялык мыйзамдын негизинде өлкөдө өтүп жаткан алгачкы курултай”, – деди мамлекеттик катчы.

Экинчи Элдик курултайдын Улуттук кеңешинин төрагасы болуп Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мыктыбек Абдылдаев шайланды.

Президент Курултайда эмнелерди айтты?

Экинчи Элдик курултайдын башында сөз алган президент Садыр Жапаров былтыры өткөн алгачкы курултайда көтөрүлгөн көйгөйлөргө токтолду. Анда 3182 маселе көтөрүлүп, анын 358и чечилгенин билдирди. Анын 2200ү учурда аткарылып жатса, калган 523ү өз убагында жасалбаганын айтты.

Президент бул Курултай – Конституциялык мыйзамдын негизинде өтүп жатканына токтолуп, ушул жылдын 29-августунда “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койгонун белгиледи.

“Бүгүн Элдик Курултайды салтанаттуу жагдайда ачып, жумурай журтка кайрылуу жасоо милдетимди аткарганы турам. Элдик Курултай – бул мамлекеттик башкарууда ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти камсыз кылуучу кубаттуу курал! Көз караштар менен пикирлердин ар түрдүүлүгү шартында Элдик Курултай улуттук маанидеги актуалдуу маселелерди талкуулоого жана реформаларды илгерилетүү боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет”,-деди Жапаров.

Мамлекет башчысы буларга кошумчалап, мамлекеттик тилге өзгөчө көңүл бураарын айтты.

“Өз тилибизди сактап калуу жана аны өркүндөтүү – атуулдук да, мекенчилдик да парзыбыз”,-деген мамлекет башчы, өлкөбүздүн тамыры, өзөгү, тарыхы жана келечеги болгон мамлекеттик тил маселесин көтөрдү.

“Учурда биздин тилибиз да кайра жаралуу доорун башынан өткөрүп жаткан кези. Үстүбүздөгү жылдын 17-июлунда “КР мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамга кол койдум. Натыйжалуу, иштиктүү талкуулардан өткөн мыйзам коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды. Өз тилибизди сактап калуу жана аны өркүндөтүү – атуулдук да, мекенчилдик да парзыбыз! Нарктуулугубуздун башаты да эң ириде, эне тилибизге барып такалары талашсыз. Ошондуктан эне тилибизди көзүбүздүн карегиндей сактап, ар бир жаӊы төрөлгөн уул-кызыбыздын тили эне тилинде чыгып, улуу дөөлөттөрдү эне тилинде жаратып, улутубуздун түндүгүн көтөргөн намыстуу, нарктуу атуулдардан болуусуна кам көрүшүбүз абзел”, – деди ал.

Ошондой эле, келе жаткан жылы элибиздин туруктуу аймактык, экономикалык жана маданий жактан жалпы биригүүсүнө өбөлгө түзгөн, социалдык-экономикалык кайра түзүү жана элди бирдиктүү бир улутка бириктирүү процесстерин тездеткен Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленерин билдирди.

ЖК төрагасы да мамлекеттик тилге өзгөчө көңүл бурду

Президенттен кийин сөзгө чыккан ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев, курултайдын макамы баш мыйзамда белгиленгенин билдирип, парламентте мамлекеттик тилдин макамын көтөрө турган конституциялык мыйзам долбоору кабыл алынганын эске салды.

“Аталган мыйзам кыргыз тилинин өнүгүшү жана улутубуздун келечеги үчүн кызмат кылат. Жогорку Кеңеш анын аткарылышын сөзсүз көзөмөлгө алабыз”, – деди төрага.

Муну менен катар билимдүү эл, билимдүү улут болмоюн бакубат өлкөнү куруу мүмкүн эмес экендигин айткан Шакиев, аталган тармакты жөнгө салган тиешелүү мыйзам долбоору да кабыл алынганын кошумчалады.

Ошондой эле өлкөнүн өнүгүшүнө кедергисин тийгизген көйгөйлөр тууралуу сөз кылып: “Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан саясатты күчтөндүрүү багытында да керектүү мыйзам долбоорлору иштелип чыгууда. Биз мамлекетти алдыга жылдырууга багытталган демилгелерди жана реформаларды мындан ары да колдоону улантабыз”, – деди.

Андан сырткары, ички жана тышкы миграциялык агым, андан жаралган көйгөйлөр боюнча да маселе көтөргөн Төрага: “Айрыкча эмгек мигранттарынын балдары ата-энесинин мээримин көрбөй чоңоюп жаткандыгы өкүндүрөт. Алсак, тышкы жана ички миграциялык агымдан улам 88 миңдей бала жакындарынын колунда калган. Андыктан, калкты жумуш орундары менен камсыздап, келечек ээлерине кам көрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керек”, – деп билдирди.

МинКабдын алдыдагы пландары кандай?

Ал эми Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да сөз сүйлөп, алдыдагы аткарыла турган пландар тууралуу кеп кылды. Ал өнөр жай тармагына өзгөчө көңүл буруларын белгилеп, 2024-жылы Кыргызстанда 100 өндүрүштүк ишкана пайдаланууга берилиши пландалып жатканына токтолду.

«2024-жылы 100 өндүрүштүк ишкананы ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Чүй облусунда эле 160 миллион долларлык Терек-Таш цемент заводу, кафель жана керамика заводу, тамеки фабрикасы ачылат. Ошондой эле Өзбекстан менен биргеликте 50 миллион долларлык машина куруучу заводду ишке киргизүү пландалууда. Мындан тышкары 700 гектар жерге логистикалык шаарчанын курулушу башталат. Ошол эле учурда Майлуу-Суу лампа заводун модернизациялоого 1 млн сом бөлүнгөн», – деди Жапаров.

Ошондой эле 2024-жылы планга ылайык, жалпы 381 объекте курулуш иштери жүргүзүлө турганын билдирип, анын ичинде 248 объект жаңыдан курула турганына токтолду.

“1 млрд сомго 80 объектте капиталдык оңдоп-түзөө иштери аткарылат. Курулушу узакка созулуп бүтпөй келген 135 объектини бүтүрүү каралууда. Ошондой эле 55 айылды таза суу менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлөт”, – деди ал.

Мындан сырткары, келерки жылы Кыргызстанда 212 мектеп, 50 бала бакча ачыла турганын билдирди. “2025-жылга чейин 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат. Бала бакчалардын профилдери өзгөртүлүп, дагы 122 миң баланы камтыйбыз. Ошондо камтуу 40% жетет. Азыр балдарды 26,4% гана бакчага барат”, – деди Акылбек Жапаров.

Кошумча маалымат иретинде

2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга Элдик курултай институту киргизилген. Ошонун алкагында өткөрүлгөн Биринчи Элдик курултайда төрт миңге жакын сунуш түшкөн, жакында анын кандай аткарылганы жөнүндө бийлик бутактарынын отчету угулаары белгилүү болду.

Айрым саясий талдоочулар алгачкы Курултайдын өтүшүн мыйзамсызга шайкеш келтириш керек болчу деген сындарды айтышкан. Андыктан быйыл, 2023-жылдын 24-июлда, президент Садыр Жапаров “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ал мыйзамдын талабына ылайык, 700 делегаттын ичинен курамын 17 адамдан турган Улуттук кеңеш түзүлүүгө тийиш, анын ичинен ар бир облуска бирден өкүл шайланат.

Кошумчалай кетсек, Биринчи Элдик курултай – 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Даярдаган: А.Белеков

Комментарий жиберүү