Социалдык тармактарга кирүүгө тыюу салынгандан кийин тутанып, 31 адамдын өмүрүн алган өкмөткө каршы нааразылыктардын фонунда Непалда массалык түрмөдөн качуу болуп,15 миңден ашык туткун качып кетүүгө жетишти.
The Kathmandu Post гезитинин маалыматына ылайык, премьер-министр Кхадга Прасад Шарма Олинин жана бир катар министрлердин отставкасына карабастан, нааразылык акциялары күчөп, өлкөдө коопсуздук кризисин жаратты.
Акциянын катышуучулары түрмөлөргө кол салып, административдик имараттарды өрттөп, кире бериштерди ачык калтырып, өлкө боюнча 25тен ашык түрмөдөн туткундардын качып чыгышына шарт түзүштү.
Бир колонияда туткундардын жарымына жакыны качкан учурда полиция ок чыгарган, натыйжада 5 киши өлдү. Дагы бир түрмөдө качуу аракетинде аскерлер кийлигишип, 10дон ашык туткун жаракат алды.
Массалык качууга каршы армия жана полиция тартылды
Непалдын борбор калаасынын көчөлөрүнө качкын туткундар чыккан соң, армия түрмөлөрдүн айланасын көзөмөлгө алды.
Качкандардын арасында оор кылмыштар үчүн соттолгондор — киши өлтүрүүчүлөр, зордукчулар, адам саткандар жана чет элдик жарандар бар. Айрымдары укук коргоо органдары тарабынан кармалып, кээ бирлери өз ыктыяры менен кайтып барышкан.
Зомбулуктун жана саясий туруксуздуктун күчөшү
Нааразылар саясатчыларга жана мамлекеттик имараттарга кол салуусун улантууда.
Маалыматка караганда, Непалдын мурдагы премьер-министри Джхала Натха Кханалдын жубайы Рави Лакшми Читракар үйүнө коюлган өрттөн оор күйүктөргө кабылып, абалы оор. Ошол эле окуяда дагы 27 киши жабыркап, алардын 25и ооруканага жеткирилген соң чыгарылган.
Премьер-министр Олинин отставкасынан кийин саясий белгисиздик уланууда. Нааразылык кыймылынын ичинде пикир келишпестиктер болуп, убактылуу өкмөттү түзө турган бирдиктүү талапкер али сунуштала элек.
Нааразылыктардын жүрүшү
4-сентябрда Непал бийлиги Facebook, Instagram, WhatsApp, YouTube, X, Reddit жана LinkedIn тармактарын жапкан. Алардын айтымында, компаниялар белгиленген мөөнөттө Байланыш жана маалыматтык технологиялар министрлигине катталуу үчүн арыз бербеген.
Бул чечим жаштардын массалык нааразылыгын жараткан. Алар социалдык тармактардын жабылышына гана эмес, коррупцияга да каршы чыгышкан.
Кагылышууларда полиция суу бүрккүчтөрдү, көздөн жаш агызуучу газды жана ок атуучу куралдарды колдонгон. Натыйжада 31 адам каза болуп, 1000ден ашык киши жаракат алган.
Кийинчерээк бийлик тыюуну алып салып, ички иштер, айыл чарба жана суу менен камсыздоо министрлери отставкага кетишкен. Бирок нааразылыктар токтогон жок: эл министрлердин жана премьер-министрдин үйлөрүн, ошондой эле парламенттин, Жогорку соттун жана Санепедеги Непал конгрессинин штаб-квартирасынын имараттарын өрттөгөн.
Абал курчуп кеткендиктен аскерлер министрлерди резиденцияларынан тик учактар менен эвакуациялай башташкан.
9-сентябрда Непалдын премьер-министринин кеңсеси массалык нааразылыктардын жана өкмөттүн үстүнөн күчөгөн басымдын шартында Олинин отставкасын расмий түрдө тастыктады.