Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөнүн армиясы “Гидеондун арабалары” операциясы аяктагандан кийин Газа тилкесинин бардык бөлүктөрүн көзөмөлдөй турганын билдирди.
“Гидеондун арабалары” операциясы аяктагандан кийин Газа тилкесинин бардык аймактары Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөлүндө болот жана ХАМАС талкаланат”, – деди Нетаньяху маалымат жыйынында.
Мындан тышкары, ал жөөт мамлекети барымтадагыларды бошотуу макулдашуусунун алкагында Газа тилкесинде убактылуу ок атышпоону кабыл алууга даяр экенин билдирди.
“Биз (Израиль – ред.) эгерде мындай мүмкүнчүлүк пайда болсо, убактылуу ок атууну токтотууга даярбыз”, – деп билдирди Израил кабинетинин башчысы. Анын айтымында, ХАМАСТын колунда дагы 20 тирүү барымтадагы израилдик бар.
Мындан тышкары, премьер-министр эгер ХАМАС барымтадагылардын баарын бошотуп, анклав толугу менен демилитаризацияланса жана ХАМАС кыймылы тилкенин аймагынан чыгып кетсе, Израил Газадагы согушту токтотууга даяр экенин билдирди.
“Израилдин коопсуздугун камсыздай турган так шарттарда согушту токтотууга даярмын: бардык барымтадагылар үйлөрүнө кайтышат, ХАМАС куралын таштайт, анын жетекчилиги Газа тилкесинен чыгарылат, Газа толугу менен куралсыздандырылат жана биз (АКШнын президенти Дональд) Трамптын планын ишке ашырабыз”, – деди Нетаньяху.
Ал ошондой эле Израилдин Газа тилкесиндеги аскерий операциясынын негизги максаттары барымтадагыларды бошотуу, ХАМАС кыймылын талкалоо жана анклав мындан ары Израилге коркунуч туудурбасын камсыз кылуу экенин дагы бир жолу кайталады.
Израиль-Палестина жаңжалы
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 2023-жылдын 7-октябрында Газа тилкесинен ХАМАС кыймылы Израилге ракеталык сокку ургандан кийин кескин курчуп кеткен. Ал күнү ХАМАСтын жоокерлери Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлгөнүн маалымдаган. Израиль чабуулга жооп кылып Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштап, анклавды толук блокадага алган.
Израил менен ХАМАС Катар жана Египеттин ортомчулугу менен бир нече жолу сүйлөшүү жүргүзүштү. Үстүбүздөгү жылдын 19-январынан 1-мартына чейин Газа тилкесинде Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы палестиналык туткундардын ордуна израилдик туткундарды бошотуу келишиминин биринчи этабынын алкагында ок атышпоо келишими күчүндө болчу. Алты аптанын ичинде ХАМАС барымтадагы 30 израилдикти бошотуп, каза болгондордун сегизинин сөөгүн өткөрүп берди. Буга жооп кылып Израиль 1700гө жакын палестиналык туткундарды бошотуп, ЦАХАЛ анклавдын ички аймактарынан чыгып кеткен. ХАМАС учурда дагы 50дөй кишини барымтада кармап турат.
Ок атышпоо келишими 1-мартта расмий аяктап, Израиль тилкедеги тузсуздандыруучу ишканага электр энергиясын берүүнү токтотуп, гуманитардык жүк ташуучу унаалардын тилкеге киришин жапты.
2-мартка караган түнү Газа тилкесинде 42 күнгө созулган макулдашылган ок атышпоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин Израиль бийликтери АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф Газадагы убактылуу элдешүүнү узартуу боюнча жаңы планды сунуштаганын, анткени азыркы учурда Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы согушту толук токтотууга байланыштуу пикир келишпестиктерди жеңүү мүмкүн эмес экенин жарыялаган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси Израиль бул планга макул экенин, бирок ХАМАС макул болбогонун баса белгилеген.
ХАМАС өз кезегинде Газа боюнча келишиминин экинчи этабына өтүүнү талап кылууда, анда согушту толук токтотуу жана анклавдан израилдик аскерлерди чыгаруу каралган.
Үстүбүздөгү жылдын 18-мартына караган түнү Израилдин Коргоо армиясы Газа тилкесине сокку урууну кайра баштаган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху чабуулдар ХАМАСтын ок атышпоону узартуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча АКШнын планын кабыл алуудан баш тартканы үчүн уланганын билдирди.
ХАМАС аскердик аракеттердин кайра жанданышы үчүн жоопкерчиликти Израиль менен АКШга жүктөгөн.
Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча Израилдин Газа тилкесинде аскердик операциясы башталгандан бери анклавда 53 010 киши каза болду, алардын көбү жай тургундар. Ал эми жарадар болгондордун жалпы саны 119 998 адамды түзөт.
ХАМАС менен Израилдин ортосундагы жаңжал Жакынкы Чыгыштагы эң узакка созулган жана эң татаал маселелердин бири бойдон калууда. Эл аралык коомчулук тынчтык орнотуу аракетин улантууда, бирок кырдаалдын курчтугу жана тараптардын талаптары процессти татаалдаштырып келет.