Нетаньяху экинчи күн жертөлөдөгү сотто коррупция боюнча көрсөтмө берди

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху коррупциялык иш боюнча жер астындагы ракетага каршы залда экинчи күн катары менен сотто сүйлөдү. Бул тууралуу Израилдин маалымат каражаттары жазышууда.

Эл аралык кылмыш соту тарабынан согуш кылмыштары үчүн соттолуп жаткан Израилдин премьер-министри шейшемби күнү мурда сионисттик режимдин кылмыштуу топторунун жетекчилерин соттош үчүн колдонулган 512-бөлмө деп аталган ракетага каршы жер астындагы залда соттолууда.

Бул сионисттик режим орногондон бери биринчи жолу премьер-министр өкмөттү жетектеп турганда кылмыш иши боюнча соттолууда.

Нетаньяху паракорчулук, алдамчылык жана ишенимден кыянаттык менен айыпталууда.