Нигериянын түндүк-чыгышындагы мечиттеги жарылуудан кеминде жети адам каза болду. 35 адам жаракат алган. Жардыруу кечки намаз окулуп жаткан учурда болгон. Намаз окууга көп сандагы кишилер келген.
Бул тууралуу “Известия” басылмасы Vanguard гезитине шилтеме берип жазды.
“Борно штатынын борбору Майдугури шаарындагы Гамборунун негизги базарында орун алган мечиттеги жардыруу, колго жасалган жардыргыч зат аркылуу кечки намаз окуп окулуп жатканда болгон,”- деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, мечитке көбүнчө жакын жердеги базарга келгендер менен жергиликтүү эл чогулат.
Борно штатынын полициясынын өкүлү Нахум Дасо кол салуу Гамбару районундагы борбордук мечитте болгонун тастыктады.
Ал кол салуудан жети адам каза болуп, 35 адам жаракат алганын айтты. Жабырлануучулар аймактагы ооруканаларга жеткирилип, тергөө башталдыгын билдирген. Анын айтымында, азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти ала элек.
Башка маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Боко Харам террордук тобу бул аймакта мындай кол салууларды үзгүлтүксүз жасап турат. 2000-жылдардын башынан бери Нигерияда иштеп келе жаткан бул топ 2009-жылдан бери бир катар ири масштабдуу террордук чабуулдарды жасап, он миңдеген адамдардын өмүрүн алган. Террордук чабуулдар жана куралдуу кагылышуулар жүз миңдеген тургундарды үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур кылган.