Нигериянын президенти өзгөчө кырдаал жарыялап, аскерлер менен полицияны көбөйтүүнү буйруду

Нигерияда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Эми Нигериянын президенти Тинубунун буйругуна ылайык, аскерлер менен полицияга кошумча күчтөр тартылат. Буга террористтердин бир нече мектепке кол салышканы себеп болгон. Бул бийликти айрым билим берүү мекемелерин убактылуу жабууга мажбур кылды.

Бул тууралуу президенттин маалымат жана стратегия боюнча атайын кеңешчиси Байо Онануга социалдык медиа баракчасында жарыялаганын lenta.ru басылмасы жарыялады.

“Мындан ары кара ниет агенттер жашына турган жерлер болбойт. Нигериялыктар, бул улуттук өзгөчө кырдаал жана коопсуздук коркунучу бар аймактарда, кошумча күчтөрдү жайгаштыруу менен жооп берип жатабыз. Мезгил баарынын сак болушун талап кылат”, – деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, полицияга кошумча 20 000 кызматкер тартылып, күчтөрдүн саны 50 000ге чейин көбөйөт.

Буга чейин террористтер Нигериядагы католик мектептерине кол салышып, 227 окуучуну жана мугалимди уурдап кетишкени кабарланган.

Башка маалымат булактары жазгандай, акыркы эки жуманын ичинде өлкөдө башталгыч жана орто мектеп окуучуларын кошкондо дээрлик 400 адам уурдалган.

Айрым барымтадагылар бошотулганы менен, 22-ноябрда католик мектебине кол салуудан кийин дагы эле 250дөн ашык окуучу жана мугалим согушкерлердин колунда калууда.

20-ноябрдан 21-ноябрга караган түнү Нигер штатынын Папири шаарында 300дөн ашык окуучу уурдалган. Алардын элүүсү 23-ноябрда үйлөрүнө кайтып келишкен. Бул окуялардан кийин өлкөнүн 36 штатынын 10унда бийлик коопсуздук максатында мектептерди жаап, кошумча аскер жана полиция күчтөрүн жайгаштырды.

Мектептерге кол салуулардын көбөйүшүнө байланыштуу Нигериянын президенти чет өлкөгө пландалган сапарларын токтотту. Тинубунун расмий сапарлары Түштүк Африкадагы G20 саммитине жана Анголада Африка Биримдигинин иш-чарасына катышуусу болмок.