Норвегия Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттерин айыптап, премьер-министр Биньямин Нетаньяху падышалыкка келсе, Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) камакка алуу ордерин аткарат.
Бул тууралуу Норвегиянын тышкы иштер министринин орун басары Андреас Моцфельдт Кравик “Al Jazeera” телеканалына берген маегинде билдирди.
“Израилдин аракеттери таптакыр кабыл алынгыс. Биз мектептерге, ооруканаларга, журналисттерге сокку урулганын көрдүк”, – деп белгиледи дипломат Палестина анклавындагы кырдаалга токтолуп.
Ал Норвегиянын өкмөтү Нетаньяхуну камакка алуу боюнча Эл аралык соттун чечиминен кабардар экенин жана эгерде ал (Израилдин премьер-министри — ред.) Норвегиянын жерине буту басса, бул ордерди аткара турганын баса белгиледи.
Кравик падышалык бир катар башка өлкөлөр менен бирге Израилдин каржы министри Бецалель Смотрич жана коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирге каршы санкцияларды киргизгенин эске салды.
Эске салсак, 2024-жылдын ноябрында Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галантты Палестинада жасалган согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн камакка алууга ордер берген.
8-августта Израилдин коопсуздук боюнча министрлер кабинети Газа шаарын басып алуу чечимин кабыл алган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху буга чейин Израил ХАМАС менен жаңжал аяктагандан кийин Газа тилкесин аннексиялоону көздөбөй турганын жана аймакты башкарууну убактылуу башкаруу органына өткөрүп берүү пландалып жактанын билдирген.