Нух пайгамбар (а.с.) тууралуу көпчүлүк билбеген маанилүү фактылар

 Нух (алейхис салам) – “улул-азим” пайгамбарлардан болуп саналат. Көпчүлүк тарыхый булактарга ылайык, Нух пайгамбар 2500 жыл өмүр сүргөн.

 Бирок Нух пайгамбар тууралуу көп айтыла бербеген дагы бир жагдай бар. Анын Хам, Сам, Иафет жана Ханаан аттуу төрт уулу болгон. Алардын ичинен Ханаан гана атасынын пайгамбарлыгын тааныбай, каапырлардын тобуна кошулуп кетет. Ал Улуу Топон суу учурунда сууга чөгүп өлгөн.

 Тарыхчылардын пикири боюнча, бүгүнкү күндөгү бардык адамзат расалары Нух пайгамбардын (а.с.) үч уулунан тараган:
– Хам тукумдары – негизинен Африка аймагында жашагандар;
– Сам тукумдары – Жакынкы Чыгышта жашаган элдер;
– Иафет тукумдары – Кытай аймагындагы элдер деп эсептелет.

 Дагы бир кызыктуу суроо: Нух пайгамбар (а.с.) жер жүзүн каптай турган азаптын башталарын кантип билген?

Айрым маалыматтарга караганда, Нух пайгамбар менен Алланын ортосунда белгилүү бир белги болгон. Ал белги — очок аркылуу суунун атырылып чыгуусу суу азабынын башталышы болгон. Нух пайгамбардын жубайынын очогунан суу чыга баштаганда, пайгамбар ал очокко мөөр жаап, ыйман келтирген адамдарды жана жаныбарларды кемеге жайгаштыра баштаган. Андан соң очоктун мөөрүн ачкан. Күн тутулуп, андан кийин 40 күн бою токтобогон катуу жаан жааган, натыйжада жер жүзүн топон суу каптаган.