Иран менен Америка Кошмо Штаттарынын Маскаттагы кыйыр сүйлөшүүлөрүндө Ислам Республикасынын өзөктүк прошраммасы боюнча макулдашууга жетишүү каалоосун чагылдырган “пайдалуу жана оригиналдуу идеяларды” талкуулашты.
Бул тууралуу эки өлкөнүн сүйлөшүү процессинде ортомчу болуп жаткан Омандын тышкы иштер министри Бадр аль-Бусаиди билдирди.
“Бүгүн Маскатта биз Иран менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундун аяктадык. Талкуулар татыктуу келишимге жетишүү үчүн жалпы каалоону чагылдырган пайдалуу жана оригиналдуу идеяларды камтыды. Сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасы эки тарап тең лидерлери менен кеңешкенден кийин болот”, – деп жазган министр X баракчасына.
Ирандын өзөктүк программасы боюнча АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги төртүнчү раунду жекшемби күнү Омандын борбору Маскат шаарында өттү. Сүйлөшүүлөр быйыл апрель айынан бери уланып келе жатат жана ушул убакка чейин ар кайсы жерлерде төрт жолу өткөрүлдү. Техникалык жактан алар, негизинен, кыйыр форматта уюштурулууда – дипломатиялык мамилелери жок АКШ менен Ирандын делегациялары Омандын өкүлдөрү аркылуу байланышып жатышат.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасы аяктагандан кийин акыркы сүйлөшүүнү мурунку жолугушууларга караганда “олуттуураак” жана “ачык” деп атады. Анын айтымында, кийинки айлампанын мөөнөтү белгилене элек болсо да, сүйлөшүүлөр алдыга жылып жатат жана улантылат. АКШ ошондой эле учурдагы айлампаны “үмүттөндүрүүчү” деп атады.
Axios агенттиги АКШ өкмөтүнүн жогорку даражалуу расмий өкүлү бул сүйлөшүүлөр “кыйыр жана түз” болгонун билдирди.
“Бүгүн Ирандын тышкы иштер министри Сейед Аббас Аракчи жана АКШнын атайын чабарманы Стив Уитткофф бири-бири менен түз жана кыйыр сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү”, – деп билдирди агенттик аткаминерге шилтеме берип.