Ооганстандын чыгышындагы тоолуу Пактика жана Хост провинцияларында күчү 6 баллдан ашкан зилзаладан кеминде 920 кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу талиб өкмөтүнүн өкүлдөрү маалымат жыйынында айтышты.
Associated Press жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, 22-июндагы табигый кырсыктан кеминде 600 адам жаракат алды. Расмий өкүлдөр зилзала курмандыктарынын саны өсүшү мүмкүн экенин эскертүүдө.
Талибдердин Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу агенттигинин жетекчиси Мухаммад Нассим Хаккан өлгөндөрдүн көбү Пактикада экенин, Нангархар жана Хост провинцияларында да каза болгондор аныкталып жатканын кошумчалады.
Интернетке тараган сүрөт жана видеолордон айрым кыштактарда топурактан курулган бир кабат үйлөрдүн көбү урап калганын, өлгөн адамдардын сөөгүн жууркан, төшөк менен жаап коюшканын көрүүгө болот. Дагы бир видеодо бир тик учак жабырлануучуларды ооруканага алып кетип жактаны тартылган.
АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) Ооганстан менен Пакистандын чек арасына жакын аймактарда зилзала 22-июнда таңга жуук болгонун, анын күчү 6,1 баллга жеткенин ырастады. Жер титирөөнүн очогу Ооганстандын түштүк-чыгышындагы Хост шаарынан түштүк-батышты көздөй 46 чакырым алыстыкта, 51 чакырым тереңдикте жайгашкан.
Франциядагы Европа жана Жер ортолук деңиз боюнча сейсмологиялык борбор (EMSC) жана Германиядагы Жер илимин изилдөө институту жер титирөөнүн магнитудалык күчү 6,0 баллга жеткенин маалымдады.
Жер силкинүү Пакистан менен Ооганстандан сырткары Индиянын айрым аймактарында да сезилди. Зилзала толкундары Кабулга, Исламабадга чейин жеткени аталган шаарлардагы тургундардын социалдык түйүндөрдөгү баракчалары да ырастап турат.
Бул табигый кырсык “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) бийликке келгенден бери Ооганстан эл аралык коомчулуктан обочолонуп калган учурда болду.
“Апааттын кесепетин алдын алуу үчүн биз бардык жардам агенттиктерин өз топторун кырсык болгон аймакка жөнөтүүгө чакырабыз”, – деп билдирди “Талибан” өкмөтүнүн басма сөз катчысынын орун басары Билал Карими.
Кабулда талиб өкмөтүнүн башчысы Хасан Ахунд президенттик сарайда Пактика жана Хост провинцияларындагы кырдаалга байланыштуу чукул жыйын өткөрдү.
Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстан боюнча координатору Рамиз Алакбаров жардам жеткириле баштаганын Твиттерге жазды.
Ооганстандын жер титирөө болгон Пактика провинциясы Пакистан менен чектешет. Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф коңшу өлкөгө зилзалага байланыштуу көңүл айтып, расмий Исламабад ооган элине жардам көрсөтөрүн айтты.
Ооганстан жана Түштүк Азиянын басымдуу бөлүгү Гиндикуш тоо кыркаларынын боюнда жайгашкан жана сейсмологиялык жактан активдүү аймактардын катарына кирет.
2015-жылы Ооганстандын түндүк-чыгышындагы ири зилзаладан 200дөн ашуун киши өлгөн. 2002-жылы Ооганстандын түндүгүндөгү күчү 6 баллдан ашкан жер титирөөдөн миңдей жаран каза тапкан. 1998-жылы ушундай эле күчтөгү жер титирөө жана андан кийин силкинүүлөр кеминде 4,5 миң адамдын өмүрүн жалмаган.