Ооганстанда апийим өндүрүшү кыйла азайганын БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы жаңы отчётунда билдирди.
Отчётто айтылгандай, 2025-жылы апийим айдалган жерлердин көлөмү болжол менен 20 пайызга кыскарып, 12 800 гектардан 10 200 гектарга чейин азайган.
Баңгизат өндүрүшү негизинен “Талибан” кыймылынын лидери тарабынан киргизилген тыюу салуу чаралары менен байланыштуу. Натыйжада, мурда апийим эгип келген көптөгөн дыйкандар жерлерин башка айыл чарба багыттарына бурушкан. Ошентсе да, айрым аймактарда, айрыкча өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Бадахшан провинциясында, дыйкандар бул саясатка каршы турушун улантууда.
Акыркы ондогон жылдар бою Ооганстан дүйнөдөгү апийимдин болжол менен төрттөн үч бөлүгүн камсыз кылып келген жана бул тармак көптөгөн дыйкандар менен куралчан топтор үчүн негизги киреше булагы болгон. Бирок тыюу салынгандан кийин, көпчүлүк дыйкандар буудай жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өтүшкөн.
Ошол эле учурда, БУУнун отчёту кылмыштуу тармактар эми синтетикалык баңгизаттар — мисалы, метамфетамин сыяктуу заттарды өндүрүүгө өтүп жатканын эскертет. Мындай заттардын өндүрүшү жеңил, чыгымы аз жана аныкталышы кыйын болгондуктан, алар тез эле апийимдин ордун басууда. Синтетикалык баңгизаттардын жайылышы Ооганстандын өзүндө гана эмес, Борбор Азия жана Европага чейинки аймактар үчүн да олуттуу коркунуч жаратууда.
2021-жылдын август айынын башында “Талибан” кыймылы Ооганстанда бийлик орноткондон кийин өлкө аймагында апийим өстүрүүгө тыюу салып, мыйзамды бузгандар шариятка ылайык жооп берерин билдирген.