Ооганстанда  сел жүрүп, 30дан ашуун адам көз жумду

Ооганстандын түштүгүндө жана батышында болгон селден 30дан ашуун адам жабыркады.

Акыркы маалыматтарга караганда, өлкөнүн батышындагы Фарах провинциясында 25-февралда катуу жааган жаандан улам пайда болгон селдин кесепетинен кеминде 30дан ашуун адам каза болуп, дагы 44ү жарадар болгон.

Бул маалыматты Ооганстандын Табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгына шилтеме берүү менен Ariana News агенттиги жазды.

Сел жума башында облустарда жааган нөшөрлүү жаандан улам келип чыккан.

Жабыркагандардын арасында балдар жана аялдар көп, каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн.

«Пушткох районундагы Коджер айылына сейилдөө үчүн барган үч үй-бүлө, анын ичинде эркектер, аялдар жана балдар кырсыктын астында калды», – деп айтылат башкармалыктын маалыматында.

Фарах полициясынын командачылыгы да каза болгондордун санын ырастап, суу ташкыны жабыркаган аймакта кеңири кыйроолорго алып келгенин билдирди.

Муну Фарахтын табигый кырсыктарды башкаруу бөлүмүнүн башчысы Мохаммад Исраил Сайяр да ырастады.

Ошол эле күнү түштүктөгү Гильменд жана Кандагар провинцияларында суу ташкынынан кеминде 10 киши, анын ичинде балдар набыт болгон.

Белгиленгендей, акыркы айларда нөшөрлөп жааган жамгыр жана аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам өлкөнүн айрым аймактарында кыйроолор күчөгөн.

Эскерте кетсек, өткөн жылы да Ооганстанда катуу суу ташкындары болуп, олуттуу жоготууларга жана материалдык зыянга учураган. Алсак, май айында өлкөнүн түндүк аймактарында, өзгөчө Баглан провинциясында болгон катуу сел 315 адамдын өмүрүн алып, 1600дөн ашууну жарадар болгон.

БУУнун маалыматы боюнча, апрель айынын башында өлкөнүн 23 провинциясында катуу жааган жамгыр жана андан кийинки суу ташкындары 100дөн ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен. Ал эми июль айында чыгыш жана түндүк-чыгыш провинцияларындагы суу ташкынынан 58 адам каза болуп, 380 адам жаракат алган.