Ооганстанда телекөрсөтүүлөр акырындык менен токтотулуп жатат

Мындан бир жыл мурун Ооганстанды башкарган “Талибан” кыймылынын лидери “Жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу” мыйзамын бекиткен. Бул мыйзамдын 17-беренесинин 3-бөлүмүндө аталган башкармалыктын кызматкерлери жалпыга маалымдоо каражаттарынын жооптууларын тирүү жандыктардын сүрөтү камтылган материалдарды жарыялабоого милдеттендирери белгиленген.

Ошондой эле мыйзамдын 22-беренесинде алардын милдеттери түшүндүрүлүп, анда кызматкерлер компьютерлерде, мобилдик телефондордо тирүү жандыктардын сүрөтүн, видеосун көрүп, тартууга жол бербөө үчүн жооптуу экени белгиленген. Тирүү жандык дегендерге жан-жаныбарлар жана адамдар кирет.

Талибан бийлиги тирүү жандыктардын сүрөттөрүн жарыялоону “арам” деп эсептейт жана бул өкүмдү исламга болгон өздөрүнүн түшүнүгүнө таянып чыгарышкан. Мына ушул чечимдин негизинде бүгүнкү күнгө чейин 23 региондо телеканалдарда жандыктардын сүрөттөрүн көрсөтүү токтотулуп, бул аймактарда телекөрсөтүү дээрлик радиого айланып калган.

Белгилей кетчү нерсе, талиптер бул мыйзамды бүт өлкө боюнча бир убакта киргизген жок. Ал акырындап, жергиликтүү жетекчилердин чечимдерине жараша ишке ашырылууда.

Талиптер бул мыйзамды ислам өкүмдөрү менен негиздөөгө аракет кылганы менен адистер алардын мамилесин исламдын алгачкы кылымдарындагы шарттарга кайрылгандай, коомду ошол доордогудай элестеткен мамиле деп баалашат. Чындыгында, мыйзам чыгаруучу мыйзам кабыл алууда анын ийгиликтүү аткарылышы үчүн замандык шарттарды, коомдун талаптарын жана анын ишке ашуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алышы зарыл. Талиптердин лидери ушундай өкүм чыгарганы менен Кабыл шаарындагы жана өлкөнүн көпчүлүк тургундары бул мыйзамга баш ийүүгө даяр эмес.

Талибан 1996-2001-жылдардагы бийлигинин учурунда да тирүү жандыктардын баарынын сүрөтүнө, видеосуна тыюу салган.