Ооганстандын Баглан провинциясында селден каза болгондордун саны 315ке жетти

Ооганстандын түндүгүндөгү Баглан провинциясында катуу жамгырдан кийинки селден 315 кишинин өмүрү кыйылып, 1600дөн ашуун адам жараат алганын “Талибан” өкмөтүнүн Качкындар иштери боюнча министрлиги 12-май күнү билдирди.

Ооганстандын түндүгүндөгү жана түндүк-чыгышындагы бир нече провинцияда катуу жамгырдан кийин сел жүргөн. Баглан провинциясы суу-ташкындан эң көп жабыркаган аймак деп эсептелди. Анткени, жолдор жана көпүрөлөр жарактан чыккан. Кырсыктын кесепетинен  провинциянын суу каптаган аймактарына жардам убагында жетпей, жардам көрсөтүү үчүн бараткан  унааларды баткактан чыгаруу үчүн армия оор техника колдонууга аргасыз болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аталган аймакта соңку бир нече аптадан бери суу ташкын улам кайталанып жатканын билдирди. Ал эми Эл аралык куткаруу комитети Баглан провинциясында миңден ашуун туракжай кыйраганын жана Ооганстандын жети провинциясында миңдеген адамдар жардамга муктаж экенин маалымдады.

Маалымат иретинде:

2024-жылдын башынан бери Борбордук Азиянын айрым өлкөлөрүндө, айрыкча Казакстан суу ташкындан көбүрөөк жабыркады. Мындан тышкары Орусиянын  да айрым аймактарын да сел жана суу ташкын катталды. Окумуштуулар жаратылыш кырсыктарынын себептерин климаттын кескин ысып кетиши менен байланыштырышууда.

Комментарий жиберүү