Ооганстандын борборунда күчтүү жарылуулар болду

Ооганстандын борбору Кабул шаарында бир нече ири жарылуулар катталды.

Анадолу агенттигинин Кабулдагы булактарга таянып берген маалыматына ылайык, түн ортосунда шаардын борборунда бир нече жарылуу болгон.

Ооганстандын социалдык тармактарында бомбалоону Пакистандын аскердик учактары жасады деген билдирүүлөр тарады. Бирок бул боюнча Исламабад бийлигинен расмий билдирүү жасалган жок.

Пакистандын мамлекеттик телеканалы PTV News коопсуздук тармагындагы булактарга шилтеме берип, армия Кабул, Кандагар жана Пактиядагы айрым аскердик объектилерди жок кылганын маалымдады.

Булактар ошондой эле Кандагардагы аба соккуларынын натыйжасында ок-дары кампасы жана логистикалык база жок кылынганын билдиришкен.

Ошол эле учурда ооган телеканалы Tolo News Ооганстандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө таянып, Дюранд сызыгы боюнча Пакистандын позицияларына каршы ооган күчтөрүнүн жооп операциялары жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 00:00дө аяктаганын кабарлады.

Ооган бийлигинин расмий өкүлү Забихулла Муджахид америкалык X компаниясынын социалдык тармагында жарыялаган билдирүүсүндө Пакистан армиясы Кабул, Кандагар жана Пактиянын айрым райондоруна сокку урганын, бирок адам курмандыктары катталбаганын айтты.

Буга чейин Муджахид эки өлкөнүн ортосундагы чек ара катары эсептелген Дюранд сызыгы боюнча Пакистандын аскердик объектилерине каршы кеңири масштабдуу операциялар башталганын билдирген.

Пакистандын Маалымат министрлиги да ооган тараптын операциясына Пакистандын коопсуздук күчтөрү дароо жана натыйжалуу жооп бергенин маалымдады.