Америкалык жазуучу жана саясий талдоочу Брайан Крассенштейн Иран Ормуз кысыгынан жылына 50 миллиард доллар киреше табышы мүмкүн экенин билдирди.
Анын айтымында, Ормуз кысыгы туруктуу ачылып, кеме кыймыл кайра кадимки абалына келсе, кысыктан орточо эсеп менен күнүнө болжол менен 135 кеме өтөт. Демек, эки жумада болжол менен 1890 кеме өтөт.
Эгер Иран ар бир кемеден 2 миллион доллар төлөм алып, аны Оман менен тең бөлүшсө, анда 14 күндө Иранга болжол менен 1,89 миллиард доллар киреше түшөт.

Крассенштейн белгилегендей, эгер бул абал туруктуу болуп калса жана Иран ошол эле 2 миллион долларды алып (анын ичинен 1 миллион доллар өзүнө калтырса), анда Ислам республикасы жылына болжол менен 50 миллиард доллар киреше таба алат.
Саясий талдоочу бул каражат баллистикалык ракета программасына жана аны кайра курууга да жумшоого чоң акча экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунун кесепеттеринин бири Ормуз кысыгы аркылуу өтүү үчүн кемелерден акы алуу болду.
Акыны кысыкты көзөмөлдөгөн Иран жана Оман алышат. Ормуз кысыгы бөгөттөлгө учурда Иран ар бир кеме үчүн 2 миллион долларга чейин акы алып жатканы айтылган. Бул сан жөн жерден белгиленген эмес. VLCC (Very Large Crude Carrier) жана ULCC (Ultra Large Crude Carrier) сыяктуу супертанкерлер бир убакта 1,5-2,5 миллион баррель мунай ташый алат. Бул Ормуз кысыгы аркылуу өтүү үчүн төлөм мунайдын бир баррелине болжол менен 1 долларды түзүшү мүмкүн дегенди билдирет.