Ормуз кысыгынын жабылышы: ИРСК кемелердин өтүшү боюнча билдирүү жасады

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин өтүшү үчүн кандай шарттар болушу керектиги тууралуу билдирүү жасады. Бул тууралуу  РБК маалымат агенттиги билдирди.

РБКнын маалыматына караганда, Ирандын мамлекеттик телерадиокомпаниясы аркылуу ИРСК Ормуз кысыгы аркылуу кемелерди өткөрүү маселеси боюнча расмий билдирүү жасаган.

Билдирүүдө айтылгандай, эртеңден тартып ар кандай араб же европалык мамлекеттер өз кемелерин Ормуз кысыгы аркылуу өткөрө алат, эгерде алар өз аймагынан АКШ менен Израилдин элчилерин чыгарып жиберсе.

Иран ТИМинин позициясы

Өз кезегинде Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ менен диалог Ирандын күн тартибинде мындан ары жок экенин билдирди.

Анын айтымында:

  • Тегеран Ормуз кысыгын жапкан эмес
  • жана кемелердин өтүшүнө тоскоолдук кылган эмес

Ал белгилегендей, аймактагы коопсуздуктун начарлашына Израиль менен АКШнын чабуулдары себеп болгон, ошол себептен мунай ташуунун көлөмү азайган.

Ок атышууну токтотуу шарты

Буга чейин Иран ТИМинин орун басары Казем Гариб-Абади Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды токтотуу Иран бийлиги Тегеранга каршы чабуулдар кайталанбай турганына ишенген учурда гана мүмкүн болорун билдирген.