Катарлык Al Jazeera телеканалы аналитикалык отчетунда Омандагы иран-америкалык сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына ишара кылып, дипломатия уланып жатканы менен, чыныгы маселе энергетикада жана аймактык күчтөрдүн тең салмактуулугунда экени баса белгилейт; ар кандай чыңалуу дүйнөлүк мунай рыногунда олуттуу өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн.
Кызыл сызыктар жана басым чаралары
Телеканалдын маалыматы боюнча, Тегеран бул сүйлөшүүлөрдө Вашингтондун олуттуулугун баалап жатып, ракеталык мүмкүнчүлүктөрүн кошо алганда, өзүнүн кызыл сызыктарын баса белгилеген. Жогорку лидердин кеңешчиси Али Шамхани Ирандын ракеталык мүмкүнчүлүктөрү сүйлөшүүгө жатпайт деп билдирди.
Ошол эле учурда, АКШнын расмий өкүлдөрү Ирандын мунай танкерлерин басып алуу сыяктуу варианттар жөнүндө айтып чыгышты, бул вариант АКШнын маалымат каражаттарынын айтымында, дүйнөлүк мунай рыногун курчутушу мүмкүн.
Al Jazeera белгилегендей, АКШнын талаптары уран байытууну токтотуу, ракеталык программа жана аймактагы таасирди чектөөгө багытталган. Тегеран болсо өз кезегинде өзөктүк курал жасоо ниети жок экенин дайыма айтып келет. Бирок, рынокторду баарынан да көбүрөөк тынчсыздандырган нерсе – бул сүйлөшүүлөр гана эмес, дүйнөлүк энергетиканын согуп турган жүрөгү деп эсептелген аймакта аскердик кагылышуунун ыктымалдыгы.
Жаңжал сценарийлери жана мунай баасы
Аналитиктер аймактагы символикалык чабуулдар же кыска мөөнөттүү чыр-чатактар сыяктуу чектелген сценарийлерде мунайдын баасы бир нече долларга көтөрүлөт же убактылуу 80 долларга чейин көтөрүлөт деп болжолдошууда.
Иран мунайынын экспорту толук токтогон сценарийде да орточо баа 70–90 доллар чегинде болушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда.
Башкы фактор: Ормуз кысыгы
Бирок Al Jazeera телеканалынын баяндамасында негизги көңүл стратегиялык мааниси жогору болгон сценарийге — Ормуз кысыгына бурулат.
Бул өтө маанилүү деңиз жолу аркылуу күн сайын болжол менен 20 миллион баррель мунай өтөт, бул дүйнөдөгү суюк мунай керектөөсүнүн дээрлик 20 пайызына барабар.
Талдоочулардын баамында, дал ушул багыттагы олуттуу үзгүлтүк дүйнөлүк энергетикалык рыноктун жүрүшүн түп-тамырынан өзгөртүшү мүмкүн. Телеканал бул маршруттагы ар кандай олуттуу үзгүлтүккө учуроо рынокко дароо жана кеңири масштабдагы сокку урарын белгилейт.
Мунай боюнча эксперт Набил ал-Марсуми Al Jazeera телеканалына берген маегинде, Ормуз кысыгы жабылбаса да, эгер кагылышуу болсо Иран аймактагы мунай объектилерин бутага алып, Перс булуңунан мунай жеткирүү кескин азайса, мунайдын баасы бир баррели үчүн 100 доллардан ашышы мүмкүн экенин айткан. Бул баам Ирандын энергетикалык рыноктогу геосаясий салмагы анын өндүрүш үлүшүнөн да жогору экенин көрсөтөт.
Эксперт ошондой эле эгерде Ормуз кысыгын жабуу сценарийи ишке ашса, дүйнөлүк мунай менен камсыздоонун төрттөн бир бөлүгү жана дүйнөлүк жаратылыш газынын болжол менен бештен бир бөлүгү үзгүлтүккө учурай турганын, бул окуя мунайдын баасын бир баррелине 130 долларга чейин көтөрүшү мүмкүн экенин айтты. Ал белгилегендей, мындай секирик мунай рыногуна гана эмес, бүткүл дүйнөлүк экономикага да олуттуу сокку урат.
Украинадагы согуштун тажрыйбасын эске салган Al Jazeera телеканалы “кризистин кошумча таасири” кыска убакыттын ичинде бир баррел мунайдын баасына ондогон долларларды кошушу мүмкүн экенин белгилейт.
Макулдашуу сценарийи жана жыйынтык
Эгер Иран менен АКШнын ортосунда өзөктүк келишим түзүлүп, Иран мунай экспортун көбөйткөн сценарий ишке ашкса, анда баалар төмөндөшү мүмкүн. Бирок аналитиктердин баамында, рыноктун негизги багыты сүйлөшүүлөрдөн эмес, аймактагы чыңалуунун деңгээлинен жана Ормуз кысыгынын тагдырынан көз каранды.
Жалпысынан, Al Jazeera телеканалынын макаласы Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы чыңалган теңдемеде аныктоочу фактор жөн гана сүйлөшүү үстөлү эмес, Ирандын токтотуучу күчү жана дүйнөлүк энергетикалык магистралдагы геосаясий абалы болуп саналарын көрсөтөт.
Эң курч сценарийде бул фактор мунай баасын 130 долларга чейин жеткирип, дүйнөлүк экономикалык тең салмакты өзгөртүшү мүмкүн.