Орусияда 70 миңден ашык миграциялык мыйзамдарды бузган кыргызстандыктар бар

2025-жылдын 5-февралынан тартып Орусияда “Россия Федерациясындагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Орусиядагы миграциялык мыйзамдардын катаалданышына байланыштуу Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул өлкөдө иштеп жүргөн мекендештерибизге эскертүү берди.

Аталган министрликтин маалыматы боюнча, учурда Орусиянын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузган 71 949 кыргызстандык жаран бар.

Буга эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүү, дактилоскопиялык каттоодон, медициналык текшерүүдөн өтүү же миграциялык каттоого туруу жөнүндө маалыматтын жоктугу кирет.

Аталган мыйзам буга чейин үч ай сайын мезгил-мезгили менен чыгып туруу жана кирүү тажрыйбасын колдонгон жарандарга таасирин тийгизет. Бирок, жарандар алдын ала өздөрүн порталдагы тизмеден текшере алышат https://migrant.kg.

Орус бийлигинин бул мыйзамды киргизип, каттаалдатканынын себебинен учурда Орусиядан борбор азиялык мигранттардын саны кескин кыскарган. Ошол эле учурда Орусияда эмгек күчүнүн кыскаруусунун натыйжасында жумушчулар жетишпей жатканы да айтылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *