Орусиянын Роскомнадзор мамлекеттик мекемеси “Meta” компаниясына таандык Facebook социалдык түйүнүнө бөгөт коюу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу кечээ, 4-март күнү ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
“2022-жылдын 4-мартында Орусиянын аймагында Facebook тармагына (Meta Platforms, Inc. компаниясына таандык) кирүүгө бөгөт коюу чечими кабыл алынды”, — деп айтылат ведомствонун сайтында жарыяланган билдирүүдө.
Роскомнадзордон белгилешкендей, 2020-жылдын октябрынан бери Facebook тарабынан орусиялык ЖМКларга жана маалымат ресурстарын басмырлоо боюнча 26 факты катталган.
Акыркы күндөрү Facebook түйүнү “Звезда” телеканалынын, “РИА Новости”, “Sputnik”, “Russia Today” агенттигинин жана “Лента.ру”, “Газета.ру” маалымат булактарынын аккаунттарына чектөө салган.
25-февралда Роскомнадзор орусиялык төрт маалымат каражатынын аккаунттарын ачуу боюнча талаптарды аткарбаганы үчүн Орусияда Фейсбуктун трафигин басаңдата баштаганын билдирген.
23-февралда Facebook орусиялык төрт маалымат каражатынын расмий аккаунтуна чектөө киргизгени кабарланган.
Роскомнадзор “Meta Platforms” администрациясынан ЖМКларга киргизилген чектөөлөрдү алып салууну жана мындай кадамдын себебин түшүндүрүүнү талап кылган.