Орусия Борбор Азия өлкөлөрүндө туруктуулукту жана өнүгүүнү каалайт, деп билдирди Орусиянын президенти Владимир Путин «Валдай» эл аралык талкуу клубунун жыйынында.
Путин региондо Орусия менен Кытайдын ортосунда “кагылышуулар же пикир келишпестиктер” болушу күтүлгөнүн, бирок андай болгон жок деп белгиледи.
«Эгер Кытай бул өлкөлөрдүн экономикасына жардам берсе, бул экономикалык кызматташуу, ички саясий процесстер турукташып, мамлекеттүүлүк турукташты дегенди билдирет. Орусия буга гана кызыкдар. Биз ал жерде туруктуу чөйрө жана стабилдүү өнүгүү болушун каалайбыз. Ошондуктан атаандаштык жок, бир гана кызматташуу», – деди ал.
Мамлекет башчы бул Орусия менен Борбор Азиянын салттуу байланыштарын өнүктүрүүгө тоскоол эмес экенин кошумчалады. Аймактын өлкөлөрү Орусия Федерациясы менен болгон “өзгөчө мамилени” баалайт, деп эсептейт ал. Ал белгилегендей, Борбор Азияда мамлекеттүүлүгү өтө жаш, экономикасы олуттуу өнүгүүнү талап кылган мамлекеттер бар. Ал жакта демографиялык процесстер күч алууда.
«Ошондуктан атаандаштык жок, бир гана кызматташтык бар. Бул биздин бул аймак менен салттуу байланыштарыбызды өнүктүрүүгө тоскоол болбойт. Кылымдар бою Орусия империясынын жана Советтер Союзунун курамында болгон Борбордук Азия өлкөлөрү биздин өзгөчө байланыштарыбызды эстеп гана тим болбостон, жогору баалайт. Бул баарына пайдалуу”,-деди орус лидери.
Сүрөт: РИА Новости