Орусия менен НАТОнун аскердик багыттагы тиреши уланып жатат.
Тараптардын сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпай, тиреш күчөдү. Негизги маселе Орусиянын аскерлери Украинанын чек арасына жакын жерде машыгууларын өткөрүүсүнөн кийин АКШ баштаган Европадагы өнөктөштөр кол салууга даярданып жатат деген айып коюшту. Бул Киевдин НАТОго кошулуу тууралуу аракетине Орусиянын каршылыгынын реалдуу көрүнүшү катары бааланууда. Эгер Украина аскердик алянска мүчө болсо, НАТОнун аймагы кеңейип, Орусияга кооптонуу жаратат деп, “коопсуздук боюнча кепилдик” талап кылууда. Эмесе сөз башынан болсун.
Өткөн жылдын күз айларында Орусия Украина менен чек арага жакын аймактарына 100 миңдей аскерин топтоп, аскердик машыгууларды өткөргөнү тууралуу маалыматтар жарыяланган. Мындан улам АКШ жана башка Батыш өлкөрү Москваны “чабуул жасаганга даярданып жатат” деп айыпташып, аскерин кайтарып кетүү боюнча талап койгон.
Бирок Орусия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кылган. Анткени Украинаны НАТОго мүчө кылып кабыл алуу менен бул уюм чек арасын кеңейтип, Орусиянын коомсуздугуна коркунуч келтирет дешкен.
2014-жылдагы Киевдеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин НАТО “чыгыш ныптадагы” Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн санын үч эсеге көбөйтүп, 40 миң жоокерге чейин жеткиргенин айткан Орусия, Кошмо Штаттардын Украина бийлигине 2014-2021-жылдары аскерий жардамынын көлөмү 2 миллиард доллардан ашканын, 2022-жылы дагы 300 миллион доллар берээри күтүлүп жатканын белгилейт. Ошондой эле америкалыктар НАТОнун аскерлерин Украинага кайра жайгаштыруу жана кошумча курал-жарактарды жеткирүү үчүн зарыл болгон убакыттан утууну көздөп жатат дейт. Башкача айтканда, Орусияга кол салууну алдын алып жатабыз сыңары жооп берип келет.
Ушул тирештер тараптарды ийри отуруп түз кеңешүү үчүн бир столго топтоду. Алгач ушул жылдын 9-10-январында Орусия менен АКШнын өкүлдөрү Женевада эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Анда тараптар бир пикирге келе алышкан жок. Ал эми 12-январда Брюсселде Орусия-НАТО кеңешинин жыйыны болду. Экинчи айлампага НАТОго мүчө 30 мамлекеттин мүчөлөрү жана АКШнын өкүлдөрү да катышты. Мында да бир пикирге келишпеди. 13-январда Европа кызматташтык жана коопсуздук уюму менен Орусиянын өкүлдөрү Венада кезигишип, тараптар мында да бир пикирге келе алышкан жок. Ошентип Батыш менен Орусиянын Украина боюнча үчүнчү сүйлөшүүсү да ийгиликсиз аяктады. Муну саясий туңгуюк деп аташууда.
Бул жолугушууларда эмнелер талкууланды? Анда негизинен орус тарап койгон “коопсуздук кепилдиги” тууралуу талаптар топтому каралды. Орусия “НАТО чыгышка карай кеңейбеши керек”, “Орусиянын чек арасына жакын аймактарда ракеталарды жайгаштырбоого тийиш” жана “1997-жылкы чек арасынан сырткары аймактарда эч кандай машыгууларды, чалгындоо операцияларын өткөрбөшү керек” деген талаптарды койгон.
Ушул жолугушууларда АКШнын, ЕККУнун жана НАТОнун өкүлдөрү Түндүк Атлантикалык аскердик уюмдун кеңейишин токтотуудан баш тартышты. Ошондой эле Орусия да бекем позициясынан кайткан жок.
Украина маселеси көтөрүлүп турган чакта АКШ сенатындагы демократтар Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган орус аткаминерлерине жана Орусиянын банк түзүмүнө санкциялар топтому боюнча мыйзамдын долбоорун даярдашты. The Washington Post гезити бул мыйзам долбоорун Ак үй колдогонун жазган. Санкциялар эгер Орусия Украина басып кирсе колдонула турган болууда. Ал санкциялардын ичинде Путиндин АКШга кирүүсүнө тыюу салуу, анын Америкадагы активдерин камакка алуу сыяктуу чаралар бар.
АКШ жана Европа мамлекеттери – Украинанын НАТОго мүчө болуп кабыл алынуусу Орусия тараптын кызганычы катары баалашууда. Крым аннекциялангандан кийин былтыр жайда Украинаны бул алянска кошуу маселеси каралган. НАТОго АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө экенин айта кетели.
АКШ Украинанын алянска кабыл алууда Орусиянын каршылыгы боюнча пикир билдирип, бардык союздаштар альянстын негизги принциби боюнча бириккенин, ар бир өлкө өз жолун эркин тандоону өзү жасай турганын айтат. Негизи Киев НАТОго мүчө болууга качан даяр экенин Украина жана НАТОнун 30 мүчөсү гана чече алат. Бирок Орусия “сен менин жанымдасың, андыктан каалаганыңды кыла албайсың” – деген “ормон опуза” менен таасир этүүгө аракет кылгандай көрүнүүдө.
Европада согуштук коркунуч бар дешет. Буга – Грузияда, Украинада жана Молдовада куралдуу күчтөрү бар Орусияны айтыпташат. Ошондуктан бул өлкөлөрдөн аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырышууда.
Бирок Орусия АКШ, НАТО жана ЕККУ менен сүйлөшүүлөр бир жактуу болуп чечилбесе, аскердик-техникалык күчү менен Батыштагы “өнөктөштөрдү” Москванын сунуштарына кулак салууга мажбурлай турганын эскертти. Башкача айтканда, муштум көрсөттү.
Ушундай тирештер болуп жаткан учурда Орусиянын Батыш аскер округунун аскерлери 2022-жылдын 11-январынан тарта Воронеж, Белгород, Брянск жана Смоленск облустарындагы полигондордо күжүрмөн даярдыкка киришти. Батыш аскер округунун басма сөз кызматы билдиргендей, Батыш мамлекеттери эсептегендей жүз миң эмес, үч миңдей жоокери Украинанын чек арасына жакын жерде турат.
Ал арада Казань авиация заводунда жасалган Орусиянын жаңы үлгүдөгү Ту-160М2 стратегиялык согуштук учагы 12-январда алгачкы учуусун жасады. Ушуну менен Кремль НАТО менен АКШга чоң саламын жөнөттү.
А. Белеков.