Ооруп жаткан учурда эмдөөдөн өтүүгө болобу? Жооп

Курч жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар убактылуу эмдөөгө каршы көрсөтмөлөр болуп саналат.

 
Бул тууралуу 14-январда өткөрүлгөн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.

«Жугуштуу оору, анын ичинде COVID-19 менен ооруп жаткан адам менен байланышта болгон адам карантиндик мөөнөт аяктагандан кийин гана эмделет. Курч жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар эмдөөгө убактылуу каршы көрсөтмөлөр болуп саналат. Эмдөө, адам айыккан соң 2-4 жумадан кийин же ремиссиядан кийин жүргүзүлүшү мүмкүн», – деди ал.

Ошондой эле,  Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны өсүп жатканын токтолуп,  элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

«Дүрбөлөңгө түшпөңүздөр! Дүрбөлөң стресске, стресс – кортизол гормонунун бөлүнүп чыгышына алып келет. Бул болсо иммунитетти начарлатат. Адамдын иммунитети начар болсо, ар түрдүү жугуштуу ооруларга, айрыкча курч мүнөздөгү респиратордук оорууларга, коронавирус инфекциясына каршы алсыз болуп калат жана кабыл алуусу жогору болот”, – деп белгиледи Акматова.  

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо системасы COVID-19дун жаңы толкунуна даяр экенин,  дары-дармектер, жеке коргонуу каражаттары жана медициналык буюмдар жетиштүүлүгүн баса белгилеп, “Калкка тынчсыздануунун кажети жок, бирок санитардык ченемдерди сактоо жана эмдөөдөн өтүү зарыл», –  деди.

Комментарий жиберүү