Пакистандын түндүк-чыгышында Дарул Улум Хаккания медресесинде жанкечти бомба жардырып анын кесепетинен 6 киши, алардын ичинде диний мекеменин директорунун орун басары набыт болду.
Адам өмүрүн алган медресенин мечитиндеги жардыруу жума күнкү намаз маалында болгон.
Бул маалыматты жергиликтүү полициянын берген маалыматына таянып “Dawn” гезити жазды.
Каза болгондордун арасында диний жана билим берүү мекемесинин директорунун орун басары Хамидул Хак Хаккани бар.
«Бул жанкечтинин чабуулу болду», — деп жазган басылма жергиликтүү полициянын башкы инспектору Зулфикар Хамиддин сөзүн келтирип.
Бул жанкечтилик кол салууну азырынча эч ким өзүнүн жоопкерчилигине ала элек.
Басылманын маалыматы боюнча, каза болгондордон тышкары, кеминде 20 киши жараат алып, ооруканага жеткирилген.
Буга чейин да Пакистандагы Дарул Улум Хаккания мечитиндеги жардыруудан беш киши каза таап, ондогон адамдар жарадар болгону кабарланган.
Аталган медресе Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Акора Хаттак шаарында жайгашкан.
Бул жардырууга байланыштуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи террордук чабуулду айыптаганын Ирандын Тышкы иштер министрлигинин Telegram-каналы жазды.
“ТИМдин расмий өкүлү Пакистандын Пешавар шаарындагы Дарул Улум Хаккания мечитинде жума намаз учурунда болуп, намаз окуп жаткан көптөгөн адамдардын каза болушуна жана жараланышына алып келген террордук чабуулду айыптады”, -деп айтылат билдирүүдө.