Пакистанда уруулар ортосунда кагылышуу болду: каза болгондор бар

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясында уруулар ортосундагы кагылышууда кеминде беш киши набыт болду.

Calibre.Az пакистандык маалымат каражаттарына таянуу менен билдиргендей, жаңжал жума күнү кечинде Куррам округунда имарат курулган талаштуу жер үчүн болгон. Жекшемби күнү, 22-сентябрда кечинде атаандаш уруулардын ортосунда жаңжал кайра тутанган.

Оор куралдар да колдонулган кагылышууда кеминде беш киши набыт болуп, көптөрү жарадар болду.

Жергиликтүү лидерлер бийликти зордук-зомбулукту токтотуу үчүн чара көрүүгө чакырды. Социалдык тармактардагы билдирүүлөр кагылышуу ислам дининдеги ар кайсы агымдардын урууларынын ортосунда болгонун, каза болгондордун жана жараат алгандардын саны мындан алда канча көп болушу мүмкүн деп айтылат.

Комментарий жиберүү