Пакистанда элчилер тобун коштоп бараткан полиция унаасы минага жарылды

Пакистандын түндүгүндө 12 өлкөнүн элчилерин коштоп бараткан полиция унаасы минага урунган. Окуянын натыйжасында бир полициячы каза болуп, дипломаттардын бири да жабыркаган эмес.

«Бүгүн Малам Жабба менен Сватка баргандан кийин Исламабадга кайтып бара жаткан дипломаттар тобу коркунучтуу окуяга күбө болушту. Алдыңкы патрулдук унаа катары кызмат кылган полиция унаасына колго жасалган жардыруучу зат тийип, бир полиция кызматкери каза болгон. Дипломатиялык корпустун бардык мүчөлөрү Исламабадга аман-эсен кайтып келишти. Бул окуяда каза болгон полиция кызматкеринин  үй-бүлөсүнө жана үч жаракат алгандарга көңүл айтабыз», — деп айтылат Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин 22-сентябрдагы билдирүүсүндө.

Мындай аракеттер Пакистанды терроризмге каршы күрөштө алган милдеттенмелерине тоскоол болбойт, деп кошумчаланган маалыматта.

Dailypakistan басылмасынын маалыматына караганда, колоннага Россия, Индонезия, Португалия, Казакстан, Босния жана Герцеговина, Зимбабве, Руанда, Түркмөнстан, Иран, Тажикстан жана башка мамлекеттердин элчилери кирген.

Белгиленгендей, азырынча эч бир террордук топ жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Комментарий жиберүү