Пакистандын Ооганстанга жасаган соккусунан 9 бала жана бир аял набыт болду

Пакистандын аскердик авиациясы 25-ноябрга караган түнү чек арага жакын Хост провинциясынын Горбаз уездинде жайгашкан турак үйгө сокку уруусунан улам тогуз бала жана бир аял каза болду.

Бул тууралуу Tolonews Plus Telegram-каналы кабарлады.

Маалыматка караганда, Кунар жана Пактика провинцияларында да абадан жасалган соккулардын натыйжасында бир нече жай тургун жаракат алышкан.

Ооганстандын жогорку лидериндин басма сөз катчысы Забихулла Мужахид Х социалдык тармактагындагы  баракчасында билдиргендей, түн ортосунда Пакистандын Аба күчтөрү Хост провинциясынын Горбаз районундагы жай тургундардын үйүн бомбалаган.

Анын айтымында, чабуул Мугалгай калктуу конушунда болгон, анда беш эркек бала жана төрт кыз, ошондой эле бир аял каза болгон. Ооган үй-бүлөсүнүн үйү толугу менен талкаланган.

“Ушул сыяктуу чабуулдар Кунар жана Пактика провинцияларында да жасалып, төрт жай тургун жабыркады”, — деди басма сөз катчысы.

Анын маалыматы боюнча, бул чабуулдар маалында эки турак үйгө зыян келтирилген.

Пакистандын өкмөт өкүлдөрү жана аскер кызматкерлери бул чабуулдар тууралуу комментарий бере элек экенин “Франс Пресс” агенттиги кабарлады.

Ооганстанга сокку Пакистандын Пешавардагы жарым аскерлештирилген федералдык полиция күчтөрүнүн штаб-квартирасына жанкечтинин чабуулунан үч офицер набыт болуп, 11и жарадар болгондон кийин болду. Чабуул үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө алган эмес, бирок PTV мамлекеттик телеканалы кол салгандар ооган жарандары экенин билдирген.

Пакистан менен Ооганстандын мамилеси 2021-жылы ооган талиптери бийликке кайтып келгенден бери чыңалган жана октябрда эки тараптан 70тей кишинин өмүрүн алып кеткен чек ара кагылышуусунан кийин начарлап кеткенин “Франс Пресс” агенттиги кабарлайт.

Жаңжал Катар менен Түркиянын ортомчулугу менен ок атышпоо келишими менен аяктады, бирок  Стамбулдагы сүйлөшүүлөр узак мөөнөттүү келишимге алып келген жок. Коопсуздук маселелери, айрыкча Пакистандын Кабулдан “Техрик-е Талибан Пакистан” кыймылынын согушкерлерин тизгиндөө талабын коюшу, негизги тоскоолдук болуп калды.

Исламабад Талибанды бир катар кол салууларга, анын ичинде Пакистанга көп жылдан бери кан төгүүчү кампания жүргүзүп келген “Техрик-е Талибан Пакистан” кыймылына катышы бар согушкерлерди өз аймагында жашырып жатат деп айыптайт.

Кабул бул айыптоолорду четке кагып, тескерисинче, Пакистан Ооганстанга каршы топторду өзүндө жашырып, анын эгемендүүлүгүн урматтабай жатат деп эсептейт.