Пакистан 1,3 миллион ооган качкынын депортациялоону чечти. БУУнун тынчсыздануусу

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын башкармалыгы Пакистан бийликтерин БУУ тарабынан расмий түрдө качкын катары катталган 1 миллион 300 миң оогандыкты мекенине мажбурлап экстрадициялоодон баш тартууга чакырды.

“Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын башкармалыгы бир нече ондогон жылдар бою бул оогандыктардын качкын макамын расмий түрдө тааныган. Алардын мекенине мажбурлап кайтып келиши гумандуулуктун принциптерин жана Пакистанда калуу боюнча аларга берилген кепилдиктерди бузуу болуп саналат”, – деп айтылат БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Буга чейин Пакистан өкмөтү 1-сентябрдан тарта каттоодон өткөндүгүн тастыктоочу (PoR) карталары бар болгон 1,3 миллион ооган качкындарын репатриациялоо жана депортациялоо жараянын баштай турганын билдирген. Алар Ислам Республикасында визасыз жашоого расмий укугу бар ооган мигранттарынын акыркы тобу болгон. Аларды экстрадициялоо чечими 30-июнда PoR мөөнөтү аяктагандан кийин кабыл алынган, ошондуктан алар мыйзамсыз качкындар деп эсептелип калышты.

“Коңшу өлкөлөрдөн быйыл оогандардын массалык түрдө кайтып келиши Ооганстандагы социалдык чөйрөгө эбегейсиз басым жасап, ансыз деле оор гуманитардык кризисти ого бетер курчутту. Оогандардын массалык жана шашылыш репатриацияланышы Ооганстанда жана бүтүндөй аймакта туруксуздук коркунучун жаратат”, – деп белгиленет Качкындар боюнча комиссарлыгынын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Аталган комиссарлыктын маалыматы боюнча, 2023-жылдын сентябрынан бери 800 миңден ашуун ооган мигрант Пакистандан мекенине кайтып келген. Алардын 527 миңден ашыгы бийлик тарабынан өлкөдөн чыгарылса, калгандары өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетишкен.

Соңку 40 жыл ичинде Женева конвенциясына ылайык, Ооганстандан Пакистанга 4 миллиондон ашык качкын келген. Алардын 1,7 миллионунун жашоо боюнча документтери жок, 1,3 миллионго жакыны иммигранттык каттоодон өткөн жана дагы 1 миллионго жакын оогандык Пакистандын аймагында калууга мүмкүндүк берген качкын макамына ээ болгон.