Палестинанын премьер-министри эл аралык коомчулукту Газа секторундагы кыйроолордун масштабын баалоого чакырды

Палестинанын премьер-министри жана тышкы иштер министри Мухаммед Мустафа Израилди Газа секторунда жана Батыш Жээкте жасаган аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартуу зарылдыгын билдирди, деп кабарлайт ТАСС.

«Израиль өз аракеттери үчүн жоопко тартылышы керек, ал эми эл аралык коомчулук Газа секторундагы кыйроолордун масштабын таануусу зарыл. Ошол эле учурда Израилдин Батыш Жээктеги, анын ичинде Чыгыш Иерусалимдеги палестин элине карата улантып жаткан агрессиясын көз жаздымда калтырууга болбойт. Бул – турак үйлөрдү жана жарандык инфраструктураны кыйратуу, палестин шаарларынан жана качкындар лагерлеринен элди күч менен көчүрүү, ошондой эле Иерусалим менен Хеврондогу ыйык жайларга кол салуулар», – деп билдирген Мустафанын сөзүн палестиналык WAFA маалымат агенттиги келтирет.

«Биз Палестина үчүн өтө оор учурда турабыз. Дүйнө Газа секторундагы трагедиянын улануусун жана Израилдин ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди бузганын көрүп турат. Биз эл аралык укуктун жана палестин элинин укуктарынын одоно бузулушуна унчукпай кала албайбыз. Акыркы 60 күндүн ичинде эле Израиль Батыш Жээктеги Женина жана Тулькарм качкындар лагерлеринен 50 миңден ашык палестиндиктерди күчтөп кууп чыгып, алардын үйлөрүн талкалады. Бул биздин элибиздин өз мекенинде намыстуу жана тынч жашоо укугун тебелөө аракетинен башка эч нерсе эмес», – деп кошумчалады Мустафа.

Анын айтымында, Израиль «палестин өкмөтүнүн иштөөсүнө тоскоолдук жараткан кадамдарды көрүүдө». Премьердин билдиришинче, Израиль аскердик бастырып кирүүлөрдү улантып, палестиналыктардын салыктарын мыйзамсыз кармап турат, бул болсо палестин өкмөтүнүн саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө олуттуу зыян келтирүүдө.

Мустафа «оккупацияны токтотуу жана Израилди жоопкерчиликке тартуу үчүн эл аралык аракеттерди улантууга» чакырды.