Палестина БРИКСке кошулууну каалайт

Палестина октябрда Казанда өтө турган БРИКСтин саммитинен кийин биримдикке кошулуу үчүн арыз берет.

Бул тууралуу Палестинанын Орусиядагы элчиси Абдель Хафиз Нофаль маалымат жыйында билдирди.

“Саммитке биринчи жолу катышкандан кийин биз бул биримдикке кирүү өтүнүчүн жөнөтөбүз жана Орусиянын президенти Владимир Путин сессия толугу менен Палестинага арналат деп убада кылды, ошондуктан бизде бул саммиттен эң позитивдүү күтүүлөр бар”, – деди ал.

Элчи Палестинанын саммитке чакыруусу “позитивдүү билдирүү” жана Палестина элине колдоо көрсөтүү экенин кошумчалады.

“Бул чакыруу Газа тилкесиндеги бардык кылмыштарга, өлтүрүүлөргө жана кыйроолорго карабастан, бул биздин Палестинанын дагы деле жашап жана өнүгүүнү каалайт деген билдирүүсүн билдирет”, – деп сөзүн  жыйынтыктады Нофаль.

Буга чейин Путин Палестинанын лидери Махмуд Аббасты октябрда Казанда өтө турган БРИКСтин саммитине катышууга чакырган.

БРИКС тобу 2006-жылы Бразилия, Орусия, Индия жана Кытай тарабынан түзүлүп, 2011-жылы ага Түштүк Африка кошулган. 2024-жылдын 1-январында Египет, Иран, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравия жана Эфиопия топтун толук кандуу мүчөсү болушкан.

Эске салсак, июнь айында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров биримдиктин мүчөлөрү мындан ары кеңейүү маселеси боюнча “тыныгуу алуу” чечимин кабыл алышканын билдирген. Анда Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков БРИКСке кирүү үчүн 30дан ашуун мамлекет арыз бергенин айткан. Бирок өлкөлөрдүн так тизмеси айтылган эмес.

Буга чейин Түштүк Африканын тышкы иштер министри Наледи Пандор уюмга кирүү үчүн расмий арыз берген 23 өлкөнүн тизмесин жарыялаган.

Комментарий жиберүү