Пезешкиан: АКШ жана Европа Жакынкы Чыгыштагы абалдын басаңдашын каалашпайт

Вашингтон жана Евробиримдик Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын басаңдашы каалабайт, деп билдирди Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Ашхабадда орус президенти Владимир Путин менен болгон жолугушууда. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

«Учурда аймакта абал оор. Америка менен Европа бул жерде кырдаалдын басаңдашын каалабайт”,-деди Пезешкиан.

Путин менен Пезешкиандын сүйлөшүүлөрү бир саатка жакын созулду. Лидерлердин ортосундагы баарлашуу делегациялардын катышуусу менен башталып, андан соң сүйлөшүүлөр бетме-бет уланганын Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Путин Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна жана БРИКСке толук кандуу мүчө болгондугун эске салып, 23-24-октябрда Казанда өтө турган БРИКС саммитине катышууну күтөөрүн кошумчалады.

«Кудай кааласа, биз да БРИКСке катышабыз жана ал жерде кол коюла турган документтерге кол коюу үчүн бардыгын жасайбыз», – деди Пезешкиан.

Анын айтымында, Орусия менен Ирандын мүмкүнчүлүктөрү көп. Москва менен Тегерандын эл аралык аренадагы позициялары окшош болгондуктан, өлкөлөр бири-бирине жардам бериши керек.

Комментарий жиберүү