Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан Ирандын урмат-сый жана намыс менен диалогго даяр экенин баса белгилеп, мындай деди: «Биз ядролук жетишкендиктерибизден баш тартпайбыз жана аларды соодага айландырбайбыз».
Пезешкиан 2025-жылдын 9-апрелинде, Улуттук ядролук технологиялар күнүндөгү расмий аземде сөз сүйлөп жатып, ядролук тармактын шеиттерин эскерди жана мындай деди:
«Жетекчи дагы бир жолу баса белгиледи — биз атомдук бомба жасоого умтулбайбыз. Айрымдар Иран атомдук бомба чыгарат дешет, бирок Революциянын Жогорку Лидеринен жогору саясатты ким аныктай алат? Ал ачык жана расмий түрдө биз атомдук куралга умтулбайбыз деп айткан. Силер жүз жолу текшердиңер, дагы миң жолу текшергиле, бирок билип койгула — биз ядролук илимге жана энергияга бардык тармактарда муктажбыз. Алар бул муктаждыкты эч качан канааттандырбайт, тескерисинче, бизди басынтуу аракетин көрүшөт. Бирок биз басынбайбыз!»
Ал өз сөзүнө андан ары мындай деп кошумчалады:
«Биз согуш издеп жатканыбыз жок. Бирок кандай гана баскынчылык болбосун, биз ага катуу жооп кайтарабыз — бул биздин элибиз жараткан билим жана мүмкүнчүлүктөр аркылуу болот. Алар канча көп сокку урса, биз ошончо күчтүү болобуз; канча көп коркутса, биз ошончолук бекем турабыз. Биз баскынчы эмеспиз жана эч кимге чабуул жасоону көздөбөйбүз».
Пезешкиан: «Жогорку лидер айткан — биз сүйлөшүүгө даярбыз, бирок түз эмес жол менен, анткени биз ишенбейбиз. Бир жагынан биздин бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү жана байланыштарыбызды санкция саласыңар, экинчи жагынан «келгиле сүйлөшөлү» дейсиңер. Эгер сүйлөшүү болсун десеңер, анда бул жагдайды моюнга алышыңар керек».
Ал сөзүнүн аягында мындай деп белгиледи:
«Биз тынчтыкты жана коопсуздукту каалайбыз. Диалогго даярбыз, бирок урмат жана намыс менен. Биз жетишкендиктерибизден баш тартпайбыз, аларды соодага салбайбыз. Эч качан бизге ойлонууга, жаңычыл болууга, чыгармачылыкка тыюу салынганына жол бербейбиз».