Пезешкиан: Иран бардык мамлекеттер менен байланыштарды кеңейтүүгө умтулат

Ирандын саясаты — тынчтыкка жана достукка, чыңалууну жана чыр-чатакты болтурбоого жана дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүнү жана мамилелерди кеңейтүүгө багытталган.

Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкян Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стёре менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташтык жана аймактык маселелерди талкуулашты.

Пезешкиан Иран Ислам Республикасы Норвегия менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө кызыкдар экенинайтып, бул сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоого жана бекемдөөгө, ошондой эле дүйнөдө тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу жана коопсуздукту арттыруу боюнча жалпы чечимдерге жетишүүгө алып келет деген үмүтүн билдирди.

Ал Ирандын аймактагы жана дүйнөдөгү коопсуздукту куруудагы ролун белгиледи.

“Иран Ислам Республикасы тынчтыкты жана достукту жайылтууга аракет кылуу менен бирге бардык жерде ар кандай агрессияны айыптайт жана дүйнөдөгү зомбулук согушун токтотуу үчүн кызматташууга даяр”, – деп билдирди Иран президенти. 

Пезешкиан АКШ өкмөтүнүн “Ирандын өзөктүк келишими” катары белгилүү болгон “Биргелешкен комплекстүү иш-аракеттер планы” келишимин бузуусун жана Европа өлкөлөрүнүн бул келишимдеги милдеттенмелерин сактабай жатканын сынга алды.

“Иран Ислам Республикасы өзөктүк келишим боюнча бардык милдеттенмелерин аткарды. Бирок дал ушул Америка келишимди бузуп, бул келишимден бир тараптуу чыгуу менен бирге биздин өлкөгө жана элибизге каршы кысым жана санкцияларды күчөттү. Тилекке каршы, Европа өлкөлөрү да күткөндөн тескери өз милдеттенмелеринин бир пунктун да аткарган жок”, – деди ал.

Пезешкиан Ирандын саясаты — тынчтык жана достук, чыңалууну жана чыр-чатакты болтурбоо жана дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүнү жана мамилелерди кеңейтүүгө багытталганын, бирок эгер Иран санкциялар жана кысымдар аркылуу кандайдыр бир нерсе кылууга мажбурланса, анда албетте, өлкөнүн мамилеси жана жүрүм-туруму дагы башка нукка буруларын баса белгиледи.

Президент ошондой эле АКШ менен кээ бир батыш өлкөлөрүнүн адам укуктары жана демократия жаатындагы кош жүрүм-турумун сынга алды.

“Америка жана кээ бир батыш өлкөлөрү башка өлкөлөрдү бир адамга жасалган катаал мамиледен улам аларды адам укуктарын бузуп жатат деп айыптап чыгышат. Бирок Газада он миңдеген бейкүнөө аялдардын, балдардын, жаш-карылардын каны төгүлүп, бул аймактагы карапайым калк жашаган аймактар, мектептер жана ооруканалар Израиль тарабынан бомбаланып жатканына унчукпай эле тим болбостон, бул режимди каржы жана курал менен колдоп жатышат”, – деп билдирди Иран президенти.

Ал Норвегия өкмөтүнүн Палестина элине колдоо көрсөтүүдөгү позицияларын жогору баалап, бул өлкөнүн премьер-министринен Израилдин Газанын эзилген элине каршы кылмыштарын тез арада токтотуу үчүн Европанын башка өлкөлөрү менен дагы тыгыз кызматташууну суранды.

Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стёре өз кезегинде Иран менен Норвегиянын ортосундагы мамилени достук жана тарыхый деп мүнөздөп, Норвегия ар дайым өзүн Ирандын досу деп эсептеп келгенин жана ар дайым Ирандын өнүгүүсүн жана гүлдөшүн каалап келгенин билдирди.

Норвегиянын премьер-министри ошондой эле аймактагы чыңалуунун күчөшү, өзгөчө Израилдин Газа калкына жасаган чабуулдарынан тынчсыздануусун билдирди.

“Биз Израилдин Газага каршы согушун жана анын каргашалуу натыйжаларын айыптадык. Норвегия Ирландия жана Испания менен бирге Европа өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп Палестина элинин көз карандысыз мамлекет түзүү укугун тааныды. Бул ачуу жана өкүнүчтүү окуялар мүмкүн болушунча тез арада аяктайт деп ишенебиз”, – деп сөзүн жыйынтыктады Йонас Гар Стёре. 

Комментарий жиберүү