Иран АКШ менен Израилдин аба чабуулдарына дуушар болгон ядролук объектилерин кайрадан куруп чыгат. Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкиан билдирди.
“Илимий билим биздин окумуштуулардын аң-сезиминде сакталган, ошондуктан (ядролук объектилердин — ред.) имараттарды жана заводдорду жок кылуу менен (АКШ — ред.) Тегеранга эч кандай көйгөй жаратпайт. Биз бул имараттарды кайра куруп чыгып, алардын мүмкүнчүлүктөрүн мурдагыдан да кеңейтебиз”, — деп билдирген президенттин сөзүн анын администрациясынын расмий Telegram-каналы келтирет.
Ал кошумчалагандай, Ирандын ядролук ишмердүүлүгү толугу менен тынчтык мүнөзгө ээ.
Эске салсак, 13-июнга караган түнү Израил Иранга каршы аскердик операция баштаган. Израилдин Ирандын өзөктүк, аскердик жана жарандык объекттерине жасаган аба соккуларында 1000ден ашуун адам, алардын ичинде жогорку аскер жетекчилери, өзөктүк илимпоздор жана жай тургундар (аялдар жана балдар) каза болушкан.
Бир суткага жетпей Ислам Республикасы жооп чабуулун жасай баштаган. Америка Кошмо Штаттары жаңжалга тогуз күндөн кийин кошулуп, Ирандын Фордо, Натанз жана Исфахандагы өзөктүк объектилерине сокку урган. 23-июнь күнү кечинде Иран жооп ирээтинде Американын Жакынкы Чыгыштагы эң ири авиабазасы Катардагы Аль-Удейд авиабазасына чабуул койгон. Андан соң АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Иран ок атышпоо жарыялоого макул болгонун жарыялап, ал 24-июндан тарта күчүнө кирген.