Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Сириянын өкмөткө каршы согушуп жаткан террордук топторду жеңүүгө жардам берүү үчүн ислам өлкөлөрү биримдик жана ынтымакка муктаж экенин айтты.
Бул тууралуу ал Ирактын премьер-министри Мохаммед Шиа Аль Судани менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө билдирди. Алар Батыш Азия чөлкөмүндөгү, анын ичинде өкмөттүк күчтөр шаршемби күнү өлкөнүн түндүгүндө чабуул жасаган террордук топтор менен күрөшүп жаткан Сириядагы акыркы окуяларды талкуулашты.
Президент Пезешкиан Сирия баш болгон аймактагы өлкөлөрдүн жеринин бүтүндүгүн коргоонун Ирандын аймакка карата стратегияларынын бири экенин айтты.
Иран аймактык коопсуздукту коргоо үчүн Сирияда уланып жаткан террордук аракеттерге каршы кызматташууга даяр, деп билдирди Пезешкиан жана Сирияга террорчуларды жеңүүгө жардам берүү үчүн ислам өлкөлөрүнүн интеграциясы жана биримдигинин зарылдыгын баса белгиледи.
Анын айтымында, Сириядагы соңку окуялар Ливандагы ок атышпоо келишиминен кийин аймак салыштырмалуу тынчтыкка карай жылып жаткан маалда аймактык коопсуздукка байланыштуу олуттуу кооптонууну жаратты.
«Мындай окуялар сионисттик режимдин ислам өлкөлөрүнүн ичинде туруксуздукту, келишпестикти жана кагылышууларды жайылтууга багытталган арам пландарынын бир бөлүгү», – деди Пезешкиан жана ислам өлкөлөрүн мындай террордук аракеттердин жайылышын алдын алуу үчүн биргелешип аракеттенүүгө чакырды.
Ирактын премьер-министри ошондой эле Сириядагы акыркы террордук аракеттер Израиль режиминин Сириянын коопсуздугуна, эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө зыян келтирүү аракети экенин айтты.