Путин АКШдагы шайлоодо Харристи колдой турганын айтты

Путин Чыгыш Экономикалык форумунун пленардык жыйынында Россия АКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер Камала Харристи азыркы президент Жо Байден сунуш кылгандай колдой турганын айтты.

“АКШдагы шайлоодо Орусиянын “фаворити” азыркы лидер Жо Байден болчу, бирок ал шайлоо жарышынан баш тартты. Мен буга чейин эле айткам, биздин “фаворит”, азыркы президент Байден мырза болчу”, – деди орус лидери.

Путин кошумчалагандай, Байден президенттик жарыштан баш тарткандыктан, бирок анын бардык тарапташтарына АКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер болуп жаткан АКШнын азыркы вице-президенти Камала Харристи колдоону сунуштады.

Путиндин айтымында, Орусия аны «колдойт».

“Ал ушунчалык укмуш күлгөндүктөн, анда “баары жакшы” дегендей таасир калтырат экен”,- деди Путин.

Орус президенти белгилегендей, азыр кайрадан мамлекет башчылыгына талапкерлигин коюп жаткан АКШнын 45-президенти Дональд Трамп, өзүнө чейин бир дагы америкалык президент киргизбегендей көп санкцияларды салган.

«Эгер Харрис айымда “баары жакшы” болсо балким, ал мындай кылбайт. Жалпылап айтканда, бул тандоо Америка элинин өзүндө калууда. А биз ал тандоону сыйлайбыз», – деди Путин.

Кошумчалай кетсек, АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өтөт. Адегенде Жо Байден шайлоого катышууну көздөп, бирок кийин талапкерлигин алып салган. Анда Владимир Путин Жо Байдендин талапкерлигин Орусия үчүн артыкчылыктуу деп атаган. Бирок Дональд Трамп бул сөздөрдү комплимент катары кабыл алганын айткан.

Комментарий жиберүү