Путин Зеленскийди Москвага чакырды

Россиянын президенти Владимир Путин Кытайга болгон төрт күндүк сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрүп, Украинанын президенти Владимир Зеленскийди жолугушууга даяр болсо Москвга келиши керектигин айтты.

Бул тууралуу lenta.ru басылмасы жазды.

“Зеленский мырза менен мүмкүн болгон жолугушууларга келсек, мен бул тууралуу буга чейин да айтканмын. Жалпысынан мен мындай жолугушуу болушу мүмкүн экенин эч качан жокко чыгарган эмесмин”, – деди В. Путин.

Ал Зеленскийдин ыйгарым укуктары бүткөнүн жана мындан ары “администрациянын башчысынын милдетин аткаруучу” экенин белгиледи. Ага карабастан орус лидери украиналык саясатчы менен жолугушуунун орду катары Москваны сунуштады.

“Зеленский даяр болсо Москвага келсин”,- деди Путин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Ошол эле учурда ал Трамптын Зеленскийге байланыштуу өтүнүчүн ачыктап, анын украин лидери менен жолугушууну суранганын билдирди. Бирок мындай сүйлөшүүлөрдүн максатка ылайыктуулугунан күмөн санап жатканын тактады.

Ошентсе да Путин Москва “Дональд Трамптын администрациясынын украин жаңжалын чечүү жолун табууга чын дилден умтулуусун көрүп жатканын” белгиледи.

Анын айтымында, 2022-жылы Россия Украин тарапка “Донбасстагы аскерлерди чыгарып, жаңжалды токтотууну” сунуштаган. Бирок орус аскерлери Киевден чыгарылгандан кийин “Украина өз оюн өзгөрткөн”.
Ал эми Россиянын куралдуу күчтөрүнүн бардык топтору багыттар боюнча ийгиликтүү илгерилеп жаткандыгын кошумчалап, Украинанын Киев тарабынан көзөмөлдөнбөгөн аймактарынын аймактык тиешелүүлүгүнө да токтолду.

“Украинада аймактык маселелер референдум учурунда чечилиши мүмкүн, бирок бул үчүн аскердик абалды эске алуу керек”, – деди ал.

Украинанын тышкы саясаты тууралуу сөз кылып жатып, Москва “Украинанын НАТОго мүчө болушуна ар дайым каршы экенин, бирок анын Европа Биримдикке мүчөлүгүнө эч качан шек келтирбегенин айтты.

“Ар бир өлкө өзүнүн коопсуздук тутумун, анын ичинде Украинаны тандоого укуктуу дегендерге кошулам”, – деди В. Путин.