Ал бул теманы тышкы чөйрөдөгү эң артыкчылыктуу багыт деп атады.
РФнын президенти Владимир Путин Россиянын жакынкы кошуналар менен мамилесин тышкы чөйрөдөгү артыкчылыктуу тема деп атады. Бул тууралуу ал Коопсуздук кеңешинин кеңешүүчү органынын туруктуу мүчөлөрү менен кадрдык кайра түзүүлөрдөн кийинки жыйынында айткандыгы тууралуу Кремлдин сайтында маалымат берилген.
«Азыр биз биз үчүн дайыма тышкы чөйрөдө артыкчылыктуу болуп саналган темада сүйлөшөбүз – бул биздин жакынкы кошуналарыбыз, постсоветтик мейкиндикте калыптанган эгемендүү мамлекеттер менен мамилени түзүү», – деп белгиледи Путин ачылыш сөзүндө.
Ал Каржы министринин милдетин аткаруучу Антон Силуанов менен мурда Россия жаңы саясый жагдайда бул маселеге дагы көбүрөөк көңүл бурарын талкуулагандыгын кошумчалады.
Жыйындын жабык бөлүгүндө бул маселе боюнча тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Сергей Лавров сүйлөдү.
Белгилей кетүүчү жагдай, мурда Путин Сергей Шойгуну РФнын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына дайындаган. Президенттин пресс-катчысы Дмитрий Песков маалымдагандай, мурда бул кызматты ээлеп келген Николай Патрушев башка кызматка которулат.
Шойгу да бул жыйынга катышты.