Путин Кремлде Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчини кабыл алды. Видео

Россиянын президенти Владимир Путин Кремлде Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчини кабыл алганын орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

“Путин бүгүн Кремлде Москвада сапары менен жүргөн Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчини кабыл алды”, – деди ал.

Жолугушууга орус тараптан тышкы иштер министри Сергей Лавров менен президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, иран тараптан Ирандын Россиядагы элчиси Казем Жалали катышты.

Видеоплеер

00:00

00:10

Кийинчерээк Арагчи бейшембиде Москвада орус президенти Владимир Путин менен жакшы жолугушуу өткөрүп, аны менен бардык маанилүү маселелерди талкуулаганын билдирди.

Ал Путин менен Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин кат түрүндөгү кайрылуусун тапшыруу үчүн жолугушканын белгиледи.

“Мен Россиянын президентине Иран менен АКШнын ортосундагы кыйыр сүйлөшүүлөрдүн учурдагы абалы тууралуу айтып бердим, биз бул маселе боюнча консультацияларды өткөрдүк. Ошондой эле Украина боюнча орус-америкалык сүйлөшүүлөр жана башка маселелер да талкууланды. Биздин россиялык досторубуз бизге керектүү маалыматтарды беришти”, – деп кошумчалады дипломат.

Ал ошондой эле Москва менен Тегерандын кызматташтыгы улана берерине ишеним билдирди.

Кийинчирээк Ирандын тышкы иштер министрлиги Арахчи Ислам республикасынын жогорку лидери Али Хаменеинин кайрылуусун Путинге тапшырганын билдирди.

Ирандын тышкы иштер министри Россияга 17-апрель күнү келген. Бүгүн, жума күнү ал россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушат. Ирандын элчиси Жалали мурда белгилегендей, талкууга пландалган темалар эки тараптуу мамилелерди, аймактык кызматташтыкты жана эл аралык аренадагы өз ара аракеттенүүнү камтыйт.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги Арагчи Тегеран менен Вашингтондун өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрүнүн айланасындагы кырдаалга да токтолууну көздөп жатканын билдирди.