Путин Орусияда миграция маселеси боюнча  агенттик түзүүнү сунуштады

Орусиянын президенти Владимир Путин мигранттар менен иштөө үчүн өзүнчө бөлүм түзүүнү (же Ички иштер министрлигинин курамында) сунуштады. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын башчысы 19-декабрда өткөн түз байланышта билдирди.

«Бизде өзүнчө бөлүм түзүш керекпи – бир кезде бизде бар болчу – же аны Ички иштер министрлигинин курамында калтырыш керекпи деген көп талкуулар болду. Мен бүгүн бул компонентти, бул ишти Ички иштер министрлигинин алкагында күчөтүшүбүз керек деп эсептейм», — деди Путин.

Орус президенти башка маселелерге да токтолду, анын ичинде мигранттар айлана-чөйрөнү жана адамдарды сыйлаш үчүн мыйзамдарды катаалдатуу. Анын айтымында, квалификациясы жок кызматкерлерге муктаждыкты азайтуу үчүн эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу зарыл. Ал ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө орус тили, Орусиянын салттары жана мыйзамдары окутула турган орус мектептеринин тармагын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент мигранттарды басмырлоого жол бербөө жана алардын болушу жергиликтүү калкка кошумча жүктөрдү жаратпашы маанилүү экенин баса белгиледи.

Сүрөт: РИА Новости.