Путин Раисинин өлүмүн чоң жоготуу деп атады

“Ирандын президенти Ибрахим Раисинин өлүмү чоң жоготуу, ал ишенимдүү өнөктөш жана сөзүнө турган адам болгон”, – деди Россиянын президенти Владимир Путин.

Путин шейшемби күнү кечинде Иран президенти Ибрахим Раиси менен коштошуу аземине катышуу үчүн 23-майда эртең менен Иранга бара турган Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин менен жолугушту.

Ал президент Раисинин өлүмү, албетте, биринчи кезекте Иран, иран эли үчүн чоң жоготуу экенин айтып, бул трагедияга байланыштуу Ирандын жетекчилигине көңүл айтууну суранды.

“Чынында эле ал абдан ишенимдүү өнөктөш, өтө түз, өзүнө ишенген, баарынан мурда улуттук кызыкчылыкты жетекчиликке алган инсан эле. Албетте, ал өз сөзүндө турган адам болчу, аны менен иштешүү жагымдуу болчу, башкача айтканда, эгер биз бир нерсе боюнча макулдашып алсак, анда келишимдер аткарыларына ар дайым ишенүүгө болор эле”, – деди РФ президенти.

Ал Москва россиялык-ирандык мамилелердин оң жагына улануусу үчүн бардыгын жасай турганын баса белгиледи.

Ибрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка расмий адамдарды ташыган тик учак 19-майда өлкөнүн түндүк-батышында Верзеган аймагына кулап түшкөн. 20-май күнү эртең менен Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури президент жана анын делегациясы тик учак кырсыгынан каза болду деген маалыматты тастыктаган. Орду толгус оор жоготууга байланыштуу 20-майда өлкө боюнча беш күндүк аза күтүү жарыяланган. Президентти акыркы сапарга узатуу зыйнаты 23-майга белгиленген.

Путин буга чейин Ирандын Жогорку лидери Али Хаменеиге көңүл айтуу телеграммасын жөнүп, президенттин жана бул кырсыкта курман болгон анын сапарлаштарынын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, кайрат кылууну суранган.

Ал Раиси бүт өмүрүн Мекенге кызмат кылууга арнаган көрүнүктүү саясатчы болгонун, Россиянын чыныгы досу катары өлкөлөр ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө баа жеткис жеке салымын кошуп, аны стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине жеткирүүгө чоң күч-аракетин жумшаганын белгилеген.

Россиянын Тегерандагы элчилиги Иран эли менен тилектештиктин белгиси катары желегин түшүргөн.

Комментарий жиберүү