Россия менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштар туруктуу, өлкөлөрдүн соода жүгүртүүсү өсүүдө, логистика, энергетика, өнөр жай кызматташтыгы жана коопсуздук тармагында жакшы долбоорлор бар.
Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин ВТБнын «Россия чакырып жатат!» инвестициялык форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
«Эки тараптуу мамилелерге келсек (Иран менен – ред.), биздин соода-экономикалык байланыштарыбыз туруктуу, ишенимдүү, биз быйылкы жылы товар жүгүртүүнүн өсүшүн сөзсүз түрдө каттайбыз. Бизде логистика тармагында, энергетика, өнөр жай кооперациясында жана коопсуздук тармагында жакшы ири долбоорлорубуз бар», – деди Путин.
Ал ошондой эле Ирандын президенти Масуд Пезешкяндын Россия Федерациясына боло турган сапарынын алкагында Россия менен Ирандын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюуга үмүттөнөрүн билдирди.
«Биз фундаменталдуу келишимди бүтүрдүк, анда келечекте биздин кызматташуубузга байланыштуу бардык маселелер жөнгө салынат. Иран президентинин Россия Федерациясына боло турган сапарынын жүрүшүндө ага кол коюлат деп ишенем», – деди орус лидери.
ВТБнын «Россия чакырып жатат!» инвестициялык форуму Москвадагы Эл аралык соода борборунда 4-5-декабрда өтүп жатат. Анын негизги темасы “Капиталдын келечеги жана келечектин капиталы”.
Буга чейин РФ менен Иран эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишими тууралуу макулдашкан. Маалымат каражаттарында документке Казанда БРИКСтин саммити учурунда кол коюлушу мүмкүн деген маалыматтар чыккан, бирок өлкө лидерлери Түркмөнстандагы сүйлөшүүдө документке Иран президентинин Россияга өзүнчө сапары учурунда кол коюуну макулдашкан.
Күн мурун Россиянын басма сөз катчысы Дмитрий Песков РФ менен Ирандын стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюуну кечеңдетүү ниети жок экенин билдирген. Анын айтымында, Иран лидеринин Россияга сапары даярдалып жатат, бирок мөөнөтү боюнча так түшүнүк жок.