Путин: Россия менен Монголиянын мамилеси бардык багытта өнүгүп жатат

Россия Федерациясы менен Монголиянын ортосундагы мамилелер бардык багыттар боюнча өнүгүп жатканын Россиянын президенти Владимир Путин Улан-Батордо монголиялык кесиптеши Ухнаагийн Хурэлсух менен болгон сүйлөшүүлөрүндө баса белгиледи.

Россия менен Монголиянын лидерлеринин сүйлөшүүлөрү Улан-Батордогу Мамлекеттик ордонун имаратында боз үйдө  өттү.

РФ өлкө башчысы Улан-Баторго расмий сапар менен 2-сентябрда барган. 3-сентябрда өлкө президенттеринин кең жана тар курамдагы сүйлөшүүлөрү болду.

«Чындыгында Россия Федерациясы менен Монголиянын ортосундагы мамилелер бардык багыттар боюнча өнүгүп жатат. Биз жигердүү кызматташып жаткан экономика жана саясий чөйрөдөн тышкары, гуманитардык тармактарда, атап айтканда, билим берүү тармагында да натыйжалуу иштерди белгилейт элем», – деди Россиянын президенти.

Ал эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссия активдүү иштеп жатканын жана бул иштин жыйынтыгы бар экенин кошумчалады.

«Бүгүнкү ишибиздин жүрүшүндө биз экономикадагы өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарына кайтып келебиз», – деп белгиледи Россиянын президенти.

Путин ар кандай кыйынчылыктарга, анын ичинде Монголиянын президенти айткан кыйынчылыктарга, анын ичинде COVID-19га карабастан, эки өлкө соода мамилелеринин жана товар жүгүртүүнүн өсүү траекториясына акыры жеткенин белгиледи.

Өз кезегинде Монголиянын президенти Путинге эки өлкө бир нече мааракелерди, анын ичинде Халхин-Голдогу советтик-моңгол куралдуу күчтөрүнүн жеңишинин 85 жылдыгын жана Эрдэнэт шаарынын негизделгендигинин 50 жылдыгын белгилеп жаткан жылда сапары менен келгенди үчүн ыраазычылык билдирди.

Ухнагийн Хурэлсух Монголиянын эли Москва менен Улан-Батор бул даталарды биргелешип белгилеп жаткандыгын жогору баалай тургандыгын баса белгиледи.

Ал ошондой эле Путинге Монголиянын саясий системасындагы акыркы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берип, өлкө “туруктуу саясий шарттарда” иштеп жатканын белгиледи.

Путин өз кезегинде Эрдэнэт ленинграддык архитекторлор тарабынан пландалганын эске салды.

Ал ошондой эле монголиялык кесиптеши Ухнагийн Хурэлсухту 2024-жылдын октябрында Казанда өтө турган БРИКС саммитине катышууга чакырды. Монгол лидери Путиндин чакыруусуна оң жооп берди.

Комментарий жиберүү