Ооганстанда көйгөйлөр бар, бирок өлкөдөгү бийликте турган “Талибан” кыймылы менен мамиле түзүү зарыл, деп билдирди Россиянын президенти Владимир Путин Өзбекстанга жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча журналисттер менен жолугушууда.
«Ооганстанда көйгөйлөр бар, алар талашсыз, ал баарына жакшы билгилүү. Азыркы бийлик менен кандай мамиле түзөбүз деген суроо башка маселе. Бирок биз аны кандайдыр бир жол менен курушубуз керек, алар өлкөнү башкарып, өлкөнүн аймагын көзөмөлдөп жаткан адамдар да. Алар бүгүнкү күндө Ооганстандагы бийлик», – деп билдирген анын сөзүн ТАСС келтирди.
Ал иштин чыныгы абалынан чыгып, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди ага ылайык куруу зарыл экенин белгиледи.
Мындан тышкары, Путин Талибан кыймылынын статусу тууралуу айтып жатып, ал дайыма талкууланып келерин айтып, ал боюнча комментарий берген жок.
Ал Россия Федерациясы Талибан маселеси боюнча ар бир өнөктөшүнүн позициясын эске алып, позицияны башка мамлекеттер менен бирге аныктайт деди.
«Биз көптөгөн өнөктөштөр менен, анын ичинде Борбор Азия чөлкөмүндөгү көптөгөн өнөктөштөр менен байланыштабыз. Биз ар бир өнөктөшүбүздүн жана досторубуздун пикирин эске алабыз. Жана биз бул позицияны (Талибан маселеси боюнча – ред.) чогуу түзөбүз”, – деди Путин.
Буга чейин Россиянын Тышкы иштер министрлиги менен Юстиция министрлиги Талибан кыймылын тыюу салынган уюмдардын тизмесинен алып салуу мүмкүнчүлүгү боюнча маселени иликтеп бүтүп, сунуш Кремлге жөнөтүлгөнүн РФ президентинин Афганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов билдирген.
2021-жылдын 15-августунда Ооганстанда бийликти колго алган Талибан дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө тыюу салынган террордук уюм катары таанылган. Ал Россияда 2003-жылдын мартынан бери Жогорку Соттун чечими менен тыюу салынган уюмдардын тизмесине киргизилген.
2023-жылдын декабрында казак бийлиги талиптерди тыюу салынган топтордун тизмесинен чыгарган. Талибан Кыргызстан менен Тажикстанда террордук уюм катары таанылган. Өзбекстан менен Түркмөнстанда кыймылга расмий түрдө тыюу салынган эмес.
Учурда талиптер дүйнө коомчулугунун алдында өзүн реабилитациялоо үчүн түрдүү мамлекеттер менен дипломатиялык байланыш түзүүгө умтулууда. Алар ошондой эле Ооганстандын эң жакын коңшулары менен соода мамилелерин активдүү куруп жатышат.
Талиптердин бийлигин азырынча бир да мамлекет тааный элек.