Путин талибдерди террорчулукка каршы күрөштө Орусиянын өнөктөштөрү деп атады

Орусиянын президенти Владимир Путин Ооганстанда бийлик жүргүзүп жаткан талиптер кыймылын Орусиянын терроризмге каршы күрөштө өнөктөшү деп атады. Бирок ал кыймылга Орусияда расмий түрдө тыюу салынганын айткан жок.

«Жалпысынан биз талиптер кыймылы өлкөдөгү бийликти көзөмөлдөп турганын моюнга алышыбыз керек жана бул жагынан алганда, талиптер терроризмге каршы күрөштө биз үчүн шериктештер», – деди орус президенти Астанада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. Анын сөздөрүн ТАСС агенттиги жазды.

Мамлекет башчысы Ооганстандагы туруктуулукка талиптер да кызыкдар экенине ишенерин билдирди.

«Биз талибдер кыймылынан алар биз менен антитеррордук жолдо иштөөгө даяр экени тууралуу бир нече жолу сигналдарды алдык», – деп баса белгиледи Путин.

Талибан өкмөтүн Орусия, ошондой эле дүйнөнүн башка өлкөлөрү де-юре тааныбайт, бирок алардын өкүлдөрү Россияга ар кандай иш-чараларга дайыма чакырылып турат.

Буга чейин Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги менен Юстиция министрлиги Орусия президентине талиптер кыймылы тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарылышы мүмкүн экенин билдиришкен.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Азия боюнча экинчи департаментинин директору Замир Кабулов белгилегендей, талиптердин өкмөтүнүн Орусия Федерациясы тарабынан таанылышы алар Ооганстанда 2021-жылы бийликке келгенден кийинки мезгилдеги эң жакын учур болуп саналат.

«Бирок дагы деле чече турган маселелер бар, андан кийин орус жетекчилиги чечим кабыл алат», – деп белгиледи Кабулов.

Казакстан Ооганстан менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында март айында талиптер режимин террорчулардын тизмесинен чыгарган. Казак лидеринин айтымында, азыркы этаптагы стратегиялык милдеттердин бири Ооганстанды аймактар ​​аралык байланыштарга активдүү тартуу болуп саналат.

Комментарий жиберүү