Орусиянын президенти Владимир Путин Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлтүрүлүшүнө байланыштуу Ирандын президенти Масуд Пезешкианга терең кайгыруу менен көңүл айтты, деп билдирди Кремль.
1-мартка караган түнү Ирандын мамлекеттик телеканалы Жогорку лидер Али Хаменеи өз кеңсесинде АКШ менен Израилдин чабуулунда каза болгонун жарыялады. Аятолланын кызы, күйөө баласы, небереси жана келини дагы каза болушкан.
“Иран Ислам Республикасынын Жогорку лидери Сейед Али Хаменеинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн адамдык адеп-ахлактын жана эл аралык укуктун бардык нормаларын бузуу менен өлтүрүлүшүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”, – деп айтылат билдирүүдө.
28-февраль эртең менен Израиль менен АКШ Иранга каршы биргелешкен аба соккуларын жасаган. Иран ага жооп кайтарып, Израилге жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик базаларын бутага алган.
Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи каза болгону тууралуу маалымат тастыкталгандан кийин, Израилге жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик базаларына каршы “өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн тарыхындагы эң кубаттуу чабуул операциясы” башталганын билдирди.
Иранда Жогорку лидердин өлүмүнө байланыштуу 40 күндүк аза күтүү жана бир жума жумушчу эмес күн жарыяланды.